-
Тең жарандык
-
ТЕҢ ЖАРАНДЫК – биркатар өлкөлөрдүн конституциясына ылайык, жарандык алган негиздерине (ыкмаларына) карабастан, жарандар тең укукка, эркиндикке, милдетке ээ боло турган принцип. Негизинен бир катар мамлекеттерде накта (ошол жерде туулган) жарандар накталангандарга караганда кыйла кенен укуктарга ээ. Алсак, АКШда, Эстонияда, Филиппинде ошол жерде туулган гана жарандар өлкө президенти боло алат, Румыния менен Эстонияда накталанган жарандар жарандыктан ажыратылышы мүмкүн (кээ учурда). КРде Т. ж. принциби колдонулуудагы КР Конституциясы аркылуу бекемделген.
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Тең жарандык