РАТИФИКАЦИЯ (лат. ratus – бекитилген жана facio – жасайм, кылам) –1) ошол өлкөнүн жогорку мамлекеттик органы тарабынан анын ыйгарым укуктуу адамдары түзгөн эларалык келишимди бекитүү. Адатта айрым өзгөчө маанилүү келишимдер гана Р-ланууга жатат. Көпчүлүк мамлекеттердин конституцияларында Р-лоо укугу мамлекет башчысынын компетенциясына (жогорку мыйзам чыгаруу органынын санкциясы менен же ансыз деле), же болбосо түздөнтүз жогорку мыйзам чыгаруу органынын компетенциясына кирет; 2) федерациянын субъекттеринин ошол өлкөнүн парламенти кабыл алган конституциянын текстине референдум же атайын чакырылган органдар аркылуу өзгөртүүлөрдү же толуктоолорду бекитүүсү. Р-нын конкреттүү жолжобосу (же атаандаш жолжобосу) конституция менен белгиленет. Алсак, АКШнын Конституциясына түзөтүүлөр аларды АКШнын Конгресси кабыл алгандан кийин 3/4төн кем эмес штаттын мыйзам чыгаруу жыйындары же атайын конвенттери тарабынын бекитилиши керек. Австралияда долбоорду референдумда штаттардын көпчүлүгүндө жана өлкөдөгү шайлоочулардын көпчүлүк добушу менен бекитүү талап кылынат.
Дополнительные операции по выбранной словарной статьей
Хотите добавить эту статью в свои закладки? Добавить в мои закладки Вы должны войти чтобы система запомнила Ваши закладки. Закладка добавлена.
Копировать ссылку на перевод на этом сайте. Ссылка будет выглядеть как Ратификация
HTML ссылка :
Ссылка:
Если обнаружилиошибкуили неточности в словарной статье сообщите нам. Это поможет улучшить Эл-Сөздүк.
56Текст сообщения:
Контрольный вопрос (что вы не робот):Сколько будет 8 х 7? Ответ:
Отправить