Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - Президент
  • Президент
  • президентсиз
  • Президенттик
  • Президенттик иммунитет
  • Президенттик программалар
  • Президенттин парламентке кайрылуусу
 

Президент

 
ПРЕЗИДЕНТ (лат. praesidens – алдыда отуруучу) – республикалык башкаруу таризиндеги мамлекеттердеги мамлекет башчысы. П-тин конституциялык статусу жана ыйгарым укуктары республиканын тибине байланыштуу олуттуу айырмаланат. Классикалык үлгүсү АКШ болуп саналган президенттик республикада П. – мамлекеттин эле башчысы эмес, ошондой эле аткаруу бийлигинин да башчысы, б. а. администрациянын (АКШда, Латын Америка өлкөлөрүндө) же өкмөттүн башчысы (Замбияда, Белорусияда, Казакстанда, Өзбекстанда). Эреже катары, Премьер-министрдин кызматы болбойт. П. парламенттен сырткаркы жолдор менен б.а. жалпы эл тарабынан (түздөнтүз же кыйыр) шайланат. Парламентардык республикада (ГФР, Италия) П. – мамлекеттин башчысы (бирок өкмөттүкү эмес). Эреже катары, парламент тарабынан же анын катышуусу менен шайланат. Аралаш республикалык же жарым президенттик республикаларда (Франция, Португалия, Польша) П. ошондой эле мамлекет башчысы гана болуп эсептелүү менен ага иш жүзүндө өкмөттү жетектөөчү да айкын бийликтик ыйгарым укуктарга ээ болот. Мындай тутумда, П. эреже катары, жалпы элдик шайлоолордо шайланат. Адатта, президенттиктин моделине карабастан, конституция боюнча төмөндөгүдөй ыйгарым укуктарга ээ болот: эларалык мамилелерде өлкөнүн атынан иш жүргүзөт, эларалык келишимдерди түзөт, өкмөт (администрация) мүчөлөрүн жана сотторду дайындоого катышат, мыйзамдарды бекитет жана кайра кароого жөнөтөт, жарлыктарды чыгарат, мыйзам чыгаруу демилгесине жана вето коюу укугуна ээ болот, ордендер жана медалдар менен сыйлайт, жогорку аскер чиндерин ыйгарат, ырайым берүү укугун ишке ашырат, жарандык маселелерди чечет, дипломаттык өкүлчүлүктөрдү дайындайт жана чакырып алат. Белгилүү учурларда парламентти таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоолорду жарыялоо укуктарына ээ.
Основные характеристики
Часть речиИмя существительное
Ед. числопрезидент
Множ. числопрезиденттер
Синонимы
ажо
Связанные слова
президенттик
Склонение по падежам - "президент"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?президент
Родительный Чей?президенттин
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?президентке
Винительный Кого?, Что?президентти
Местный Где?, У кого?президентте
Исходный Где?, У кого?президенттен
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?президенттер
Родительный Чьи?президенттердин
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?президенттерге
Винительный Кого?, Что?президенттерди
Местный Где?, У кого?президенттерде
Исходный Откуда?, От кого?президенттерден

Получить все переводы слова - "Президент" по направлению Кыргызский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "Президент" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "Президент"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru