Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - Мамлекеттердин эгемендүү теңчилиги
  • Мамлекеттердин эгемендүү теңчилиги
 

Мамлекеттердин эгемендүү теңчилиги

 
МАМЛЕКЕТТЕРДИН ЭГЕМЕНДҮҮ ТЕҢЧИЛИГИ – азыркы эларалык мамилелерин түзүүчү өтө маанилүү эларалык укук ынанымдарынын бири. 1970-жылкы БУУ Уставына ылайык, мамлекеттер ортосундагы достук мамилелер менен кызматташтыкка тийиштүү эларалык укук принциптери жөнүндөгү Декларациясында М. э. т-нин принциптери кыйла толук чагылдырылган. Бул Декларацияга караганда, эгемендүү теңчилик деген түшүнүк өзүнө төмөнкүлөрдү камтып турат: а) мамлекеттер юридикалык жактан тең; б) ар мамлекет толук эгемендүүлүккө мүнөздүү болгон укуктарды колдонот; в) ар мамлекет башка мамлекеттердин укук субъектүүлүгүн сыйлоого тийиш; г) мамлекеттердин аймактык бүтүндүүлүгү, саясий көзкарандысыздыгы кол тийгис; д) ар мамлекет өзүнүн саясий, социалдык, экономикалык, маданий тутумун эркин тандап алууга жана өнүктүрүүгө акылуу; е) ар мамлекет өзүнүн эларалык милдеттенмелерин толук жана акниеттүү аткарып, башка мамлекеттер менен тынчтыкта жашоого тийиш. Эларалык мамилелерде эске алынуучу мамлекеттердин юридикалык теңчилиги иш жүзүндөгү теңчиликти түшүндүрбөйт. БУУ Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрүнүн өзгөчө абалы мунун бир мисалы болуп саналат.

Получить все переводы слова - "Мамлекеттердин эгемендүү теңчилиги" по направлению Кыргызский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "Мамлекеттердин эгемендүү теңчилиги" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "Мамлекеттердин эгемендүү теңчилиги"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru