|
Жеке күзөт ишмердиги
|
|
ЖЕКЕ КҮЗӨТ ИШМЕРДИГИ – ички иштер органдарынын атайын улуксатына (лицензиясына) ээ болгон уюмдар күзөтүү боюнча кызматтарды (акы төлөөчү келишимдик негизде) көрсөтүүсү. Күзөтүү максаттарында кызмат көрсөтүүнүн төмөнкү түрлөрүнө уруксат берилет: жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын коргоо; менчик ээлеринин мүлктөрүн, анын ичинде аны ташып жеткирүүдө коргоо; өрттөн сактоочу кабарландыруу каражаттарын долбоорлоо, чогултуу жана пайдалануу; кардарларды укукка каршы колсалуулардан укук чегинде коргонуу маселелери боюнча кеңештерди берүү жана сунуштарды иштеп чыгуу; массалык иш чараларды өткөрүүчү жерлерде тартипти камсыз кылуу. Күзөт уюмдарына жарандардын өмүрүнө жана саламаттыктарына жана курчап турган айлана-чөйрөгө зыян келтирбей турган техникалык каражаттарды жана башка ыкчам радио жана телефон байланыш каражаттарын пайдаланууга улуксат берилет.
|