Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Жеке айыптоо

ЖЕКЕ АЙЫПТОО – жабырлануучунун арызы боюнча гана козголуучу жана анын айыпкер менен элдешип алганы үчүн токтотулушу тийиш болгон кылмыш-жаза иши боюнча өндүрүш таризи. Айыптоо жабырлануучунун өзү тарабынан колдоого алынат жана ошон үчүн «жеке» деп аталат. КР кылмыш-жаза-процесстик мыйзамдарына ылайык Ж. а. тартибинде: саламаттыкка атайылып жеңил залал келтирүү; көгала кылуу; ушактоо; шылдыңдоо; психатриялык ооруканага мыйзамсыз жаткыруу; жарандардын тең укуктуулугун бузуу; адамдын жеке жашоосунун колтийгистигин бузуу; кат алышуунун, телефондо сүйлөшүүнүн, почта, телеграф же башка байланыштардын купуялыгын бузуу; туракжайдын колтийбестигин бузуу; шайлоо укуктарын ишке ашырууга же шайлоо комиссияларынын иштерине тоскоолдук кылуу; шайлоочулардын добуштарын сатып алуу; шайлоо, референдум документтерин бурмалоо же добуштарды туура эмес саноо; динге ишенүү жана дин тутуу эркиндигин ишке ашырууга тоскоолдук кылуу; аралаш жана автордук укуктарды, патент ээлеринин укуктарын бузуу; мыйзамдуу журналисттик кесипке тоскоолдук кылуу; мыйзамдуу ишкердик кылуу ишине тоскоолдук кылуу; коммерциялык же банк сырларын ачыкка чыгаруу; мыйзамсыз камакка алуу же кармап туруу жөнүндөгү иштер каралат. Ж. а. иштери боюнча алгачтергөө жана алдынала тергөө иштери жүргүзүл-бөйт, иш козгоо судья тарабынан (эгер анын жабырлануучу менен үстүнөн арыз түшкөн кишини элдештирүү аракеттери натыйжасыз болсо) ишке ашырылат; жабырлануучу жүйөлүү себептери жок эле сотко келбей койсо, иш токтотулат, ошентсе да соттолуучунун өтүнүчү боюнча жабырлануучунун катышуусу жок эле карала берүүсү ыктымал.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: