-
Жагдайды түп-тамырынан өзгөртүү
-
ЖАГДАЙДЫ ТҮП-ТАМЫРЫНАН ӨЗГӨРТҮҮ – эларалык келишимдерди бир жактуу токтотуунун же андан чыгуунун негиздеринин бири, ага шилтеме жасоого мүмкүн боло турган учурлар: а) катышуучулардын алар үчүн келишимдин милдеттүүлүгүнө макулдук берүүгө олуттуу негизди түзгөн жагдайлар болгондо; б) жагдайлардын өзгөрүүсү келишим боюнча милдеттенмелердин аткарылышынын чөйрөсүнө түп тамырынан таасир эткенде. Ага төмөндөгүдөй учурларда шилтеме жасоого жол берилбейт: а) келишим чегараны аныктаса; б) мындай Ж. т. ө. келишиминин катышуучуларынын бөлөк келишимдин катышуучуларына карата кабыл алган келишим боюнча милдеттенмелерин же дагы башка эларалык милдеттенмелерин бузуу натыйжасы болуп саналат.
Найдены по другим направлениям
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Жагдайды түп-тамырынан өзгөртүү