Меню
Эл-Сөздүк
Перевести через онлайн Переводчик

Примеры переводов: Избыточная ликвидность

Русский Кыргызский
Они жалуются, говоря, что недостаточно "ликвидность" в международных денежных делах. Алар эл аралык каржы иштеринде “өтүмдүү каражаттар” жетишсиз деп даттанышат.
Когда говорят о международной денежной проблемы один говорит, что не хватает "ликвидность", не хватает "резервов". Негизи, эл аралык каржы көйгөйү тууралуу кеп кылганда, “өтүмдүүлүк” жок же “резервдер” жетиштүү эмес деген жоопту угууга болот.
Для того, чтобы вылечить это зло, чтобы сделать больше "ликвидность", многие эксперты полагают, создание новой резервной валюты. Бул көйгөйдү чечүү жана “өтүмдүү каражаттарды” көбөйтүү үчүн, көптөгөн адистер жаңы резерв валютасын жаратууну сунуш кылышат.
Ликвидность банка – способность банка погасить в срок обязательства, определяется соотношением и структурой активов и пассивов банка. Банктын ликвиддүүлүгү – милдеттенмелердин ордун мөөнөтүндө жаба алууга банктын жөндөмдүүлүгү, ал банк активдеринин жана пассивдеринин катышы жана түзүмү менен аныкталат.
Национальный банк снизил выдающийся объем Национального банка Примечания к 200 млн сомов на конец июня, с тем чтобы обеспечить ликвидность и стабильность функционирования банковской системы. Банк системасынын иштешинин ликвиддүүлүгүн жана туруктуулугун камсыз кылуу максатында Улуттук банк июнь айынын акырында жүгүртүүдөгү Улуттук банк ноталарынын көлөмүн 200 млн. сомго чейин кыскарткан.
Представляет собой широко используемую систему надзора, в которой показатели устойчивости банков группируются в шесть категорий. Этими категориями являются: 1) C (Capital) — достаточность собственного капитала; 2) A (Asset) — качество активов; 3) M (Management)
— надежность управления; 4) E (Earnings) — прибыль; 5) L (Liquidity) — ликвидность; 6) S (Sensitivity) — чувствительность к рыночному риску.
Бул, кеңири колдонулган көзөмөл системасы, мында банктардын туруктуулук көрсөткүчтөрү төмөнкүдөй алты категорияга бөлүнөт: 1) С (Capital) – өздүк капиталдын жетиштүүлүгү; 2) А (Asset) – активдердин сапаты; 3) М (Management) – ишенимдүү башкаруу; 4) Е (Earnings) – пайда алуу; 5) L (Liquidity) – ликвиддүүлүк;
6) S (Sensitivity) – рыноктук тобокелдүүлүккө дуушарлануу ыктымалдуулугу.
Отношение суммы обязательных денежных резервов, которые коммерческие банки обязаны хранить в центральном банке, к общему объему обязательств коммерческого банка (или к сумме денежных средств, привлеченных банком). Норма обязательных резервов устанавливается центральным банком и определяет величину гарантийного фонда коммерческого банка, обеспечивающего надежное выполнение его обязательств перед клиентами. Одновременно такая норма используется центральным банком как инструмент регулирования объема денежных агрегатов, банковского кредита и спроса на ликвидность. Коммерциялык банктар борбордук банкта сактоого милдеттүү болгон акчалай камдардын суммасынын коммерциялык банктын милдеттенмелеринин жалпы көлөмүнө (же банк тарабынан тартылган акча каражаттарынын суммасына) карата катышы. Милдеттүү камдардын нормасы борбордук банк тарабынан белгиленип, коммерциялык банктын кардарлар алдындагы милдеттенмесин ишенимдүү аткаруусун камсыз кылган анын гарантиялык фондусунун өлчөмүн аныктайт. Бул норма бир эле учурда борбордук банк тарабынан акча топтомдорунун, банктык кредиттин көлөмдөрүн жана ликвиддүүлүккө талапты жөнгө салуу инструменти катары колдонулат.
Классифицируемым кредитам с точки зрения регулятивных требований Национального банка Кыргызской Республики относятся:
1) Субстандартные кредиты – это кредиты:
- с продленными сроками выплаты (до 30 дней),
- с просроченными плановыми платежами (60 дней и более) согласно кредитному договору, до истечения срока кредита,
- с просроченными платежами (до 30 дней) по процентам и основной сумме после окончания срока кредита.
2) Сомнительные кредиты – это кредиты по которым:
- заемщик перестал производить плановые платежи не только по процентам, но и по основной сумме в результате ухудшения финансового состояния,
- длительность просрочки кредита составляет более 90 дней, после окончания срока кредита,
- имеет место неоднократная реструктуризация кредита, включая пролонгацию,
- увеличиваются потери и убытки клиента,
- снижается рыночная стоимость залога, ухудшается качество, ликвидность залога является со- мнительной, залог – труднореализуемым по цене первоначальной оценки.
3) Кредиты, классифицируемые как потери – это кредиты, которые обладают одной или несколькими из следующих характеристик:
просроченная задолженность более 90 дней; пролонгация более 3-х раз;
отсутствие залога или невозможность его продажи из-за отсутствия рынка;
неспособность, отказ клиента погасить задолженность, либо намерение оплаты без осуществления реального погашения, и отсутствие вторичного источника для погашения актива;
нежелание клиента сотрудничать с банком либо отсутствие клиента;
прекращение работы бизнеса клиента либо объявление его банкротом.
При этом, активы, классифицированные как потери, имеют такую низкую стоимость, что отражаются на балансе банка по нулевой стоимости.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жөнгө салуучу талаптарына ылайык, классификациялануучу кредиттерге төмөнкүлөр кирет:
1) Субстандарттык кредиттер – бул:
- төлөө мөөнөттөрү узартылган (30 күнгө чейин) кредиттер,
- кредиттик келишимге ылайык, пландык төлөмдөрү кредиттин мөөнөтү бүткөнгө чейин (60 күнгө жана андан ары) узартылган кредиттер,
- кредиттин мөөнөтү бүткөндөн кийин анын пайыздары жана негизги суммасы боюнча төлөм мөөнөттөрүн узартуу менен (30 күнгө чейин);
2) Шектүү кредиттер – бул:
- карыз алуучу финансылык абалынын начарлоосунун кесепетинен кредит боюнча пайыздарды гана эмес, анын негизги суммасы боюнча да пландык төлөмдөрдү төлөй албай калган кредит,
- мөөнөтү бүткөндөн кийин да 90 күндөн ашыгыраак убакыт төлөнбөй калган кредит,
- пролонгациялоону кошо алганда, бир нече жолу реструктуризацияланган кредит,
- кардардын жоготууларын жана чыгымдарын улам көбөйткөн кредит,
- күрөөнүн рыноктук наркы төмөндөп, сапаты начарлап, анын ликвиддүүлүгү шектенүүнү жараткан кредит, ал эми күрөөнү баштапкы баада сатуу кыйынга турган кредит;
3) Жоготуу катары классификацияланган кредиттер – бул, төмөнкү бир же бир нече мүнөздөмөлөргө ээ болгон кредиттер:
карыздын 90 күндөн ашыгыраак убакыт төлөнбөй узарып кетиши;
3 жолудан көбүрөөк пролонгацияланышы (узартылышы);
күрөөнүн жоктугу же рыноктук жагдайлардан улам аны сатуу мүмкүн эмес болсо;
кардардын карызды төлөөгө жөндөмсүздүгү, андан баш тартышы, же болбосо айкын ордун жабуусуз эле төлөп берүү ниетин билдириши жана активдин ордун жабуу үчүн экинчи каражат алуу булагынын жоктугу; кардардын банк менен кызматташууга ниеттенбеши же болбосо кардар менен байланышуу мүмкүн эмес болсо; кардардын бизнесинин токтотулушу же анын банкрот абалда калышы.
Мында, жоготуу катары классификацияланган активдердин наркы өтө төмөн болгондугунан улам, алар банктын балансында нөлдүк наркта чагылдырылат.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: