ҮЗҮК |
Абалы алдыңкы үзүк жабылат. Анын үстүнө кайчылашып түшкөн төркү үзүктүн алты боосу керегелерге байланат. Кийиздин агын жана калыңын арткы үзүк үчүн пайдаланат. Аянты жагынан эки үзүк бирдей болот. Үзүктүн этеги кең болуп, түндүк жаккы башы өтө кууш келет. Себеби, үзүк түндүктүн алкагы менен төп келип туруусу тийиш. Үзүктүн жалпы аянты үйдүн чоң жана кичинесине карай аныкталат. Алдыңкы үзүктүн башкы жана ортоңку боолорун туурдуктукундай сызмадан да, термеден да жасайт. Ал эми этек боосу эшилген жиптен тагылат. Үйдүн аянтына карай боочуларды төрттөн-бештен да тагууга болот. Арткы үзүктүкү эшмеден, термеден, сызмадан тагылат да, этек боосу эшме жиптен келет. Арткы жана алдыңкы үзүктүн үстүнө жана кырка этектерине кызыл кийизден же кызыл таза кездемеден оюмдан «төтөгө» болот. «Үзгүнүн баарысын, Ак манта менен тышташат» («Манас») деп айтылат. |
Основные характеристики | |
---|---|
Часть речи | Имя существительное |
Ед. число | үзүк |
Множ. число | үзүктөр |
Склонение по падежам - "үзүк"
Ед. число
Падежи | Ед. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | үзүк |
Родительный Чей? | үзүктүн |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | үзүккө |
Винительный Кого?, Что? | үзүктү |
Местный Где?, У кого? | үзүктө |
Исходный Где?, У кого? | үзүктөн |
Множ. число
Падежи | Множ. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | үзүктөр |
Родительный Чьи? | үзүктөрдүн |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | үзүктөргө |
Винительный Кого?, Что? | үзүктөрдү |
Местный Где?, У кого? | үзүктөрдө |
Исходный Откуда?, От кого? | үзүктөрдөн |
Получить все переводы слова - "ҮЗҮК" по направлению Кыргызский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "ҮЗҮК" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "ҮЗҮК"?
Ввойти