Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - ЭКИ ЖҮЗДҮҮ ТЕРМЕ
  • ЭКИ ЖҮЗДҮҮ ТЕРМЕ
 

ЭКИ ЖҮЗДҮҮ ТЕРМЕ

 
буюмдун эки жагына тең көркөм көчөт түшүрүү. Өрмөкчүлүккө ал — көркөм көчөт түшүрүүнүн татаал түрү. Мунун өрмөгү адаттагыдай эле курулат. Мисалы, боз үйдүн «жел боосун» (түндүк боо) согуу үчүн өрмөктөгү күзүк байланбаган жипти — сол жип (ургаачысы) дейли. Күзүк байланган жип — оң жип (эркеги) дейбиз да, эми «оң жип», «сол жип» деген терминди колдоно беребиз. Ошентип, өрмөктү сого баштаганда бир жүздүү термеде ак жипти жүгүртө баштасак, ал «сол жип» деп аталып, ал күзүктөлөт. Демек, эки жүздүү термеге көркөм көчөт берүү керек болсо, кара жип эки курдай күзүктөлүп, анан бир курдай күзүктөлбөйт. Кийинкисинде ошол ак жип күзүктөлөт. Андан кийин кара жип эки ирээт күзүктөлбөй өтөт да, эми ак жип кайра күзүктөлөт. Ошол эле ак жип кийинки жолу бир жолу кайрадан күзүктөлбөй калат. Кыскасы, мына ушундай ирээт каалаган өлчөмгө чейин кайталанат.
      Термечилер эки жүздүү термеге «ийрек» деген көчөттү түшүрсө, мында «аркак» салаарда күзүккө байланган «оң жип» терилет. Сол жиптеги кара жипти бармак менен басып туруп, «аркакты» өткөрүп алат. Анан кайра аркак өткөрөрдө ал ирээт кайталана берет. Бул ыкма менен өрмөкчүлөр көбүнчө «кереге чалгычты», «уук тизгичти», «желбоону» (түндүк боону), «эшик боону» жүзөгө ашырып келе жатышат. Эки жүздүү терме менен «уук тизгич», «кереге чалгыч», «туурдук боо» (түндүк боо) өңдүүлөрдү жасашат.

Получить все переводы слова - "ЭКИ ЖҮЗДҮҮ ТЕРМЕ" по направлению Кыргызский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "ЭКИ ЖҮЗДҮҮ ТЕРМЕ" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "ЭКИ ЖҮЗДҮҮ ТЕРМЕ"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru