ШАКЕК |
Бул зер буюмунун таманын кооздоодо «айчык», «мүйүз», «кыял», «жарым кыял», «ит куйрук», «бармак боочу» өңдүү көркөм оюм менен көчөттөрдү түшүрөт. Ал эми ал «чапкылоо» ыкмасы аркылуу жасаса, көбүнчө «жылдызча», «кымкар» сыяктуу чапкы көчөттөрүн ромб, кайчылашкан «тоок көз» өңдөнтүп, оюм элементтерин таасын берүүгө мүнөздүү. «Из түшүрүлгөн» ал көчөттөр «сыя төгүүгө» өтө окшош келет. Илгери ар түрдүү асыл таш, айнек, пластмасса, чайыр өңдүү чөгөрүлгөн шакектерди зергерлер көп кыла турган. Беш манжанын муунагы сайын күмүш шакектер жаркылдап, буюм зергерден-зергердин көз таразасынан өткөн. Мында уютулган таза күмүштү алып, аны көрүгү менен аяр эритүү керек. Күмүштү күйгүзбөй, тапка этиет кармайт. Жашык күмүш балка менен оңой эле чабылат. Жукартып ийип, сомдоп шакек түспөлүнө келтирип, андан соң атайын чийим шибегеси менен оюм түшүрүлөт. Ага «сыялоо ыкмасын» берет. Айрым зергерлердин шакеги бир мм эки жаадан турат. Буга чыйратылган зымдан көркөмдүк түшүрүлөт да, анын ачык калган ортолору чыбырчыктата «сирке төгүлөт». Ал «сокмо шакек» деп аталат. Ошентип, шакектер «чапкылоо», «сыя төгүү», «тартулатуу», «тогуз төбөлөө», «ийүү» ыкмалары аркылуу бүтөт. Кооз шакектин бири «жети сай» болот. Мурунку түшүнүктө күмүш шакектин бир түрү — кармоодо зергер өзүнчө темирден бир нече сайдан (сызыктан) турган форма (калып) жасап алат. Ал «беш сай» деп да айтылышы ыктымал. Демек, шакек болуучу күмүштү, жез (сары жез), (кызыл жез), коло, нейзильберь, мельхиор, дат чалбас ж. б. у. с. түстүү металлдарды ошого коюп, сомдоп-согуп алат. |
Основные характеристики | |
---|---|
Часть речи | Имя существительное |
Ед. число | шакек |
Множ. число | шакектер |
Склонение по падежам - "шакек"
Ед. число
Падежи | Ед. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | шакек |
Родительный Чей? | шакектин |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | шакекке |
Винительный Кого?, Что? | шакекти |
Местный Где?, У кого? | шакекте |
Исходный Где?, У кого? | шакектен |
Множ. число
Падежи | Множ. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | шакектер |
Родительный Чьи? | шакектердин |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | шакектерге |
Винительный Кого?, Что? | шакектерди |
Местный Где?, У кого? | шакектерде |
Исходный Откуда?, От кого? | шакектерден |
Получить все переводы слова - "ШАКЕК" по направлению Кыргызский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "ШАКЕК" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "ШАКЕК"?
Ввойти