Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - ЧЫРАШ САЙМА
  • ЧЫРАШ САЙМА
 

ЧЫРАШ САЙМА

 
ийне сайманын бир түрү. Бул — буюмдун чекесин чыраштап бекитүү дегендик. Мында буюмдун четинен «жээк» (0,4—0,5 см дей) алынат. Андан ошол жээктен буюм четин кабыштыра (1 — 1,5 см дей) аралыкты кыйкач кайып кетет. Учук эми кайчылашып, кайра мурунку сайган жерден сол жанынан чыгат. Андан кийинки учук улам кайра мурункунун сол жагынан чыгуусу тийиш. Ошентип, сайма ондон солду карай жылып олтурат. Буюмдун чети «көптүрмө сайма» сымал чыраштала түшөт. Башка саймаларга караганда мунун түйшүгү арбын. Чыраш — көбүнчө оюлган (бычылган) эки жердикти бириктирүүдө да, теринин тигишин бастырууда да колдонулат. Жипти алдынан айланта чалып, бирде оң тарабынан, бирде сол тарабынан ийнени сайып өткөрүп отурат. Ошондо эки кош көзөнөкчөлөр пайда болот да, улам кийинки көзөнөкчөлөрдүн алмак-салмак ортосунан ийнени сайып өткөрүп отурат. Ушундан кийин эки оюмдун же кесилген жердиктердин жиги билинбей саймаланып, өзүнчө кооз көрүнөт.
      «Чыраш саймасы», «илме дос» саймасын саюудан өзүнүн татаалдыгы менен айырмаланат. Бул ыкма менен тери, кийиз буюмдарына кооздук түшүрүүгө болот. Чеберлер калпакты, кементайды, тонду, тери шымды, ошондой эле боз үйдүн ички жана сырткы жабдууларын жана жасалгаларын кыюуда, же жээктөөдө «чыраш» саймасын такай колдонушат.
      Азыр ал негизинен ак калпакты тигүүдө колдонууда. Ак калпактын төрт талаасын үлгүгө салып бычып алып, аны «чыраш саймасы» менен сайып, андан кийин калган төрт талаасын бириктирип, жалпы саят. Мындай ыкма менен бүткөн калпакты өзүнүн калыбына салып, үтүктөп койсо, жарашыктуу көрүнүп калат.

Получить все переводы слова - "ЧЫРАШ САЙМА" по направлению Кыргызский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "ЧЫРАШ САЙМА" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "ЧЫРАШ САЙМА"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru