Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - ЧЫНЫ КАП
  • ЧЫНЫ КАП
 

ЧЫНЫ КАП

 
(пиала кап). а) Көн — идиштердин бир түрү. Чеберлер муну — өтө кооз, ар кандай үлгүдө кармашат. Анын бири челек сымал узунураак келип, түбү менен оозу бирдей кеңдикте болуп, мунун тегерек капкагын кийгизип коюуга аябай шартташкан. Бул идишке «чийме сынпос» тегерете караганда көрүнгөндөй шайма-шай түшүрүлөт. Ага берилген көркөм оюм-чийимдин сыйдалуулугу менен салттуулугу анын кармоого атайын аттанып түшкөн чеберлердин жекече чыгармачылык кудуретине тыгыз байланышат. «Чийме сынпос» майда да, кезек да көрүнүшү мүмкүн. Ал эми идиштин капкагынын үстүнкү
      бетине анын тегерек-четине түстүү металлдар чабылат. Муну шөкөттөөдө да илгери зергерлердин көп кырдуу, терең сырдуу чыгармачылыгы айгинеленген. Мында да чеберлерден «өнөр буйтап кете алган» эмес. Алар чеберчилик намыстарын бийик тутуп, буюм-кечелерди ала кол кармашкан. Ага зергерчиликте чөгөрүлгөн көркөм шөкөттөр жагдан бетиндеги чиймесынпосторго дал өзүндөй үндөшөт. Жыш көрүнбөй, чегелери майда, «чиймесынпос» менен өз ара айкалышуусу аркылуу «чыны кап» көзгө көрүнүктүү, көңүлгө толумдуу болот. Буюмдун капкагынын төбөсүнө тешик өткөрүлгөн кайыш тоголуу кулакчынга бошураак байланып, ал төбөсүнөн көтөрүп жүрүүгө эптелген.
      Жарым айлана формасында бир эле териге үч-төрт чыны капты туташтыра жасаган чеберлер чыккан. Мында чыны каптын сыртына беркилердей «чиймесынпос» түшүрүү анча наркка жатпайт. Тим эле шөкөттөр чабылган түрлөрү музейлерде сакталууда. Ал күмүш топчулардын араларына тегерете күмүш «таруулатып», асыл таштар менен «тогуз төбөлөөнөт». Мындагы зер топчулар тердиктеги шөкөттөргө окшошот. Алар куйма калыптар аркылуу жүзөгө ашат.

ЧЫНЫ КАП

 
(пияла кап) в) — Кийиз буюму. Боз үйдүн эпчи тарабына илинген чыны сактай турган баштык. Анын кооз түрүнө шырдак оюмдары түшүрүлөт да, ал цилиндр жана жарым сферал түрүндө жасалат.
      Кийиз чыны каптын көркөм оюмунда бөтөнчөлүктөр буюмдун төгөрөгүнө түшкөн кооздуктар ошол тегерек формасындагы кудум чыны каптай көрүнөт. Анын тегерек капкагы, колдо чалынган боосу болот. Анда түшкөн кийиз оюмунун өнү ар кыл, кара-кызыл, ак-кара, кара-сары өңдүү ич ара өңдү чечүүгө шарттуу түстөр тандалат. Ошондо буюмдун түбү, капкактын чети шырдактай жээктелет. Мунун экинчи түрүндө чыны каптын бетине тегерек (табак) оюм түшүп, анын чети бычак учтанып, сары, көк, ак өңдөрдөн турган «араа тиш», «ит куйрук», «бармак боочу», «бадам» оюмдары чыны каптын астыңкы-үстүңкү жээктерине да берилет. Ошондо чыны каптын астыңкы-үстүңкү жээктерине да берилет. Ошондо чыны капкак үстү да көркөм оюмдалат.

Получить все переводы слова - "ЧЫНЫ КАП" по направлению Кыргызский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "ЧЫНЫ КАП" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "ЧЫНЫ КАП"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru