Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - ЧАЯН ТҮЙҮШ
  • ЧАЯН ТҮЙҮШ
 

ЧАЯН ТҮЙҮШ

 
элдик түймөчүлүктүн бир түрү. Чаян түйүштө абалы жиити ызгыттай чыйратып, муну бир нече каттайт. Анан жасалуучу буюмдун болжолундай ченеп, кесип-кесип алат да, анын сыртынан жиптер менен түрлөнтүп оройт. Эми анын «илгичи» жасалат. Болжолдоп алганда ууктун учуна илгендей кылып, ал көзөнөкчө жип аркылуу бекитилет. Аягына Чаян түйүштү берүү үчүн эшилип алынган үч жип бири-биринен арчындалып өткөзүлөт да, аягына узундугу нукумдай, сөөмдөй «топ чачык» жасалат. Алдынан эки айрыкча (бутча) мунун «топ чачыктан» көрүнүп тургандай ар биринин жогорудагыдай түйүшү бар. Андан соң чаян түйүлгөн үч жип үч илингиси аркылуу кайрадан биригип, эми бул жерден чаян түйүшү менен «топ чачысы» пайда болот. Ар бир айрыгынан дагы үч бутчанын төрт чаян түйүшү жана эки илмесинин этеги да топ чачы аркылуу бүтөт. Ал боз үйдүн ички себи үчүн колдонулат. Ууктун эки же төрт тарабына илинүүчү кооздукту уздар чаян түйүп жасашып, эшикти ачып-жабууда эпкин аркылуу жылаажындай жагымдуу үн бергендей ага кичинекей коңгуроолорду тагышкан. Илингенде чаян түйүш жана топ чачылары бажырайып салаңдап турган мындай буюмду айрым жерлерде «уук учтук» («дабыш берет») деп аташат.

Получить все переводы слова - "ЧАЯН ТҮЙҮШ" по направлению Кыргызский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "ЧАЯН ТҮЙҮШ" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "ЧАЯН ТҮЙҮШ"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru