Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - ЧАРПИЯ
  • ЧАРПИЯ
 

ЧАРПИЯ

 
(СУПА) — Төрт буттуу секиче. Бул — аймактык бөтөнчөлүктөрү бар жыгач буюму. Коомдук жайларда, чайканаларда, же үйлөрдө турмуш-тиричилик үчүн чарпаянын мааниси зор. Мында төрт-беш адам жайынча отурат, тамак ичет, эс алат, төшөк салып уктоого да болот. Ал өзүнчө куттуу жайды элестетет. Күндөлүк жашоону канааттандырууга шартташкан бул өңдүү чоң жыгач керебет арчадан да, карагайдан да, талдан да, теректен да жасалат. Анын болжолдуу узундугу 2—2,5 м, туурасы 1,8 метрдей келет. Супанын кабелтең төрт кыр, же жумуру буту болот. Эки башы кереге көздөнүп, бул чебер муунактала кырылып, өзүнчө кооз көрүнөт.
      Чарпая тактайланат, үстүнө килем, шалча, шырдак, төшөк салынат. Бул Түштүк Кыргызстанда үймө-үй бар. Чарбактын ичинде бирден-экиден чарпая күткөндөр көп. Алардын көркөмдүгү ар кандай көрүнөт.

Получить все переводы слова - "ЧАРПИЯ" по направлению Кыргызский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "ЧАРПИЯ" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "ЧАРПИЯ"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru