![]() |
СЕП |
Өнөрүбүздүн өсүү жактарына назар ташталып, бир жоголсо табылгыс муну кайрадан жандантууга басым бар. Ошондо сеп даярдоо жөнүндө да сөз болгондо «Азыр кыздар учук саптай алышабы? Узчулуктун кайсылары алардын колдорунан келе алат? Бош убактыларын кыздар кандай пайдаланат? Жар күтүүчү жигиттер ушул жагына назар ташташабы? Ага ата-энелер, ага-туугандар, жерге жээк да муну баамдаса». Кыз балдары үчүн эне чоң жоопкерчиликте болгон. Кыз эс тартканы жүк маанектечү. Куурчак ойноо узчулуктун башаты эле. Кыз ошол учурунан тартып эле бирдемеге тетиктелген. Жүк маанектөө — узданууга отуруучу, абалы сайма саюучу. Кызынын чоркок болуп калышы энесинин намысына камчы чапкан. «Кызыңдын эчтекелерге эби жок» — деген сөздү мен укпайын — деп аталар алдыртан сөз таштап коюучу. Түштүк кыргыздарда Ата-энеден ийбаа кылуу наркы бар. Алар азыр килем токушат. Өрмөк согушат, үйдүн ичин «илме дос», «терс кайык», «чыраш», «басма» саймалары аркылуу жасалгалашат. Демек, узчулук сылыктыкка, сыпайычылыкка үйрөтөт. «Баланчанын келини укмуштуудай уз», «Түкүнчөнүн кызы иштүү экен» сымал жышаандар айыл аралап кетүүдө. «Сеп калыңына жараша» дешет. Байыркы көчмөн убакта сепке боз үйдөн сырткары саанына уй, минерине ат, жук артарына төө же өгүз, үй ичинде күнүмдүк турмушунда уруна турган буюмдары туткучуна дейре даярдалган. Ар убак шартына, мүмкүнчүлүгүнө карата келген. Кээде себи бир төшөк, бир жууркан, эки жаздык, алдына салар ала кийиз, же ашык бирдемени деле кылышпай, ата-энелер эки жаштын бактылуу өмүр сүрүшө берүүсүнө ыраазы болушкан учурлары көп болуп келген. Күйөөнүн атасы эмне бере алганына карап бүгүнкү барчылык мезгилде себине эки жаштын күнүмдүк тирилигине зарыл төшөк-буюм кылып берип жатат. Кээде муну көптөп бүтүрөт. Бирок, көп көңүл жумшалган буюм, кийим, эмерек эки жаштын купулуна толобу, алардын рухий, маданий деңгээлине шайкеш болобу — алардын каалоосун, зарылчылыгын эсепке алуу абзел. |

Основные характеристики | |
---|---|
Часть речи | Имя существительное |
Ед. число | сеп |
Множ. число | септер |
Склонение по падежам - "сеп"
Ед. число
Падежи | Ед. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | сеп |
Родительный Чей? | септин |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | сепке |
Винительный Кого?, Что? | септи |
Местный Где?, У кого? | септе |
Исходный Где?, У кого? | септен |
Множ. число
Падежи | Множ. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | септер |
Родительный Чьи? | септердин |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | септерге |
Винительный Кого?, Что? | септерди |
Местный Где?, У кого? | септерде |
Исходный Откуда?, От кого? | септерден |
Получить все переводы слова - "СЕП" по направлению Кыргызский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "СЕП" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "СЕП"?
Ввойти