МААСЫ |
Чеберлер кол булгаарыдан кашыктай сыйда мыкты маасыларды ултарып, ага чийме сынпос түшүрүүчү. Бул бут кийим эркектердин маасысы, ургаачылардын маасысы болуп экиге бөлүнөт. Жигиттердин жана кыз-келиндердин кийген маасыларынын кончунун алдыңкы бети чиймеленет. Андай элдик мүнөзгө эгедер көркөмдүк өтүк, жагдан, чыны кап, көөкөр, кечим (тердик), ээр өңдүү көн жана булгаары буюмдарына түшкөн кооздуктарга өтө үндөшүп турат. Буга наар (чийме — сынпостун бир түрү) берүүдө чеберлер «мүйүз», «кыял» сыяктуу элдик оюмдардын элементтерин учтантып, айкаштырып берет. Кийинчерээк маасы жандыктын терилеринен ичтетилип, булгаарыдан тигиле баштады. Жердик жука болгондуктан, ага өсүмдүктөрдүн сабактарын, бак-дарактардын мөмө-жемиштеринин бутактарын жана жылдызчаланган сайма көчөттөрүн бир өңдө келтирүүдө. Ошондой эле башка өңдөгү булгаарыдан оюм чыгарып, аны маасынын маңдай бетине жабыштыруу же оюп коюп тигүү аркылуу ага кооздук берилүүдө. Азыр өнөр жайдык негизде көп нускада чыгарылып жаткан бул бут кийимге көркөм көчөттөр атайын сайма сая турган машинасы менен түшүрүлүп, дүкөндөргө такай чыгарылууда. |
Основные характеристики | |
---|---|
Часть речи | Имя существительное |
Ед. число | маасы |
Множ. число | маасылар |
Синонимы |
---|
өтүк |
Склонение по падежам - "маасы"
Ед. число
Падежи | Ед. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | маасы |
Родительный Чей? | маасынын |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | маасыга |
Винительный Кого?, Что? | маасыны |
Местный Где?, У кого? | маасыда |
Исходный Где?, У кого? | маасыдан |
Множ. число
Падежи | Множ. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | маасылар |
Родительный Чьи? | маасылардын |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | маасыларга |
Винительный Кого?, Что? | маасыларды |
Местный Где?, У кого? | маасыларда |
Исходный Откуда?, От кого? | маасылардан |
Получить все переводы слова - "МААСЫ" по направлению Кыргызский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "МААСЫ" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "МААСЫ"?
Ввойти