КАЖАРЫ |
Ат жабуу үчүн уздар «кыйдым» деген кештени арбын түшүрүшөт. Анда көркөм көчөт кыйгач кетет да, ага беш жети тал жип керектелет. Муну шартка жараша шалча катары согуп, дубалга тартууга болот. «Керебет жапкыч», «диван жапкыч», «жүк жапкыч» өңдүүлөр жасалат. Жерге төшөйт. Буюм жалаң жүндөн ийрилип согулуп урунууга бышык келет. Кажары термеде таардын үстүндөгү жүзү (берки бети) кара термедей көчөттөрү жылма болот. Ал эми астыңкы бетинен (арткы бети) жиптери калкып калат. Ойдогудай кооздолуп жасалган терме таарлар үйдүн ички жасалгалары үчүн да өтө ажардуу болот. Кажары таарынын бир үлгүсүн согууда абалы өрмөк четине көбүнчө тумарча көчөтүн берип, ал, адатта, ак карадан -болсо, анан «чычкан изи» жүргүзүлөт. Андан соң «тарак көчөтү» (кадимки чөп жыйнай турган төрт илик) «тумарча», «жарым тумарча» түрлөрүн терип, кайрадан «чычкан изин» берүү менен сарыдан жана карадан «сыңар мүйүз көчөтүн» жарым тумарча көчөтүнө айкалыштырат. Булардын ортолорундагы «чычкан изи» ажыратып турса, буюмдун жүзү байчечекейдей ачык маанайды берет. Андай согулган таарга жалаң «чычкан из» түшүрүү аркылуу да көркөмдүк тартуулоого болот. Ошондой эле көркөм көчөттөрдүн четине кызыл «жээк» берип, алардын ортосуна да «суу» жүргүзүлсө, буюмдагы кооздуктар ойдогудай шартташат. |
Получить все переводы слова - "КАЖАРЫ" по направлению Кыргызский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "КАЖАРЫ" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "КАЖАРЫ"?
Ввойти