Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - БАСМАЙЫЛ
  • БАСМАЙЫЛ
  • басмайыл-
  • басмайылда-
  • басмайылдаш
  • басмайылдоо
  • басмайылсыз
 

БАСМАЙЫЛ

 
(тартма) — «Манастан калган басмайыл, Ак быштандап тарттырып» («Манас»). Бул — кайык жана өрмө аркылуу бүткөрүлгөн ат жабдыктарынын бир бөлүгү. Унаага токулган ээр-токумду бекитүү үчүн белинен тартууда колдонулат. Анын бир учунда жазы темир тегерек (260°) 1-огоосу болот. Ал ээр-токумга экинчи тарабындагы ошондой тогоосуна кайыштан тилинип улаштырылган ичке боо аркылуу курчаланат.
      Басмайылдын «ээр бастыргычы» кайыштан болот да, калган тарабы бүтүн эки метрден ашпаган «беш кашка», «жети кашка», «суйсалма» өрүмү бир кош өрмө кайыштан жасалат.
      Көрпөчөгө басмайылдын канжыгадай эки тал кайышы «ак быштан» курчалат. Басмайыл боору өрүмдөрдөн турат. Болжолдо 74—78 смдей өлчөнөт да, ал кош өрүмдөрдүн жазылыгы 1—1,5 смге барабар. Көрпөчө бастыргычтын жазылыгы 1,5 смдей болушу зарыл. Айрым жерлерде солоңдорду «куюшкандын салпынчагы» дейт.
      Кайыш түймөлөрү аркылуу бүткөн басмайыл да болот. Аны беш жерден түйүп чыгарат. Ошондуктан, «беш кумпа» деп атайт. Зергерлер басмайылдын күмүш жалатылган тогоосуна «айчык», «из», «толкун сызык» сыяктуу көркөмдүктөр келтирип, түрлөнтүп жиберет. Кадимки темир тогоого күмүш зым тартып жалатып, өзүнчө кооздук жараткан усталар да болгон. Тогоонун бекиткен башына басмайылдын кайышына төрт чарчы элидей жерине да күмүш чабуу салты бар (күмүш чабуу — темирге жалатылган күмүштү кайыш жыгач, мүйүз өңдүүлөргө кадоо). Ал урулган шөкөттөрдүн ортосунда да тегерекчелеп, анын ичи «чымын канаттанып», «жылдызчаланып» өзүнөн-өзү эле кереметтенип тургандай сезилет.
      Басмайылдын тогоосу үчүн калыңдыгы 2,5 мм жезди же колону керектейт. Тогоонун туурасы алты смге барабар. Аны зергерлер кооздоодо жарым айлана формасындагы темиринин четтерин жон-жон келтирип, ич жагынан оюм-чийим түшүрүшөт. Мындай окшоштуктар кайыш кире турган жеринде да болот. Мында темир бетин тешип коюу, ачык коюу, көзөп коюу, чегелеп (мыктап) коюу өңдүү чапкылоо жолдору аркылуу басмайылдын тогоосу көркүнө чыгат. Андай кооздук кайышта да чабылат.
      Басмайыл — негизинен «жээк», «беш кашка» жана «жети кашка» өрүмдөрүнөн турат. Аны өзгөртүп 13 тал (тилим) аркылуу эки четин «суйсал өрүм» кылып, ортосуна «жээк өрүмдү» берүүгө болот. Мунун ортосу дагы «кош өрүм», эки тарабына (жээги) «жылаан боор өрүмү» түшөт. Демек, бул — татаал өрүм. Ал «майда өрүмдөр» деп аталат. Басмайылдын кошундуларын өрүүдө өзүнчө түйүн чыгарылат. Жүгөндү, көмөлдүрүктү, куюшканды өрүүдө мындай ыкма тогоону көк менен бекитүүгө караганда сыйда көрүнөт. «Калмак өрүмгө» 12 тал алсак, анда да эки чети «жээк өрүмү», ортосу «суйсалма өрүмгө» өтөт.
Основные характеристики
Часть речиИмя существительное
Ед. числобасмайыл
Множ. числобасмайылдар
Склонение по падежам - "басмайыл"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?басмайыл
Родительный Чей?басмайылдын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?басмайылга
Винительный Кого?, Что?басмайылды
Местный Где?, У кого?басмайылда
Исходный Где?, У кого?басмайылдан
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?басмайылдар
Родительный Чьи?басмайылдардын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?басмайылдарга
Винительный Кого?, Что?басмайылдарды
Местный Где?, У кого?басмайылдарда
Исходный Откуда?, От кого?басмайылдардан

Получить все переводы слова - "БАСМАЙЫЛ" по направлению Кыргызский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "БАСМАЙЫЛ" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "БАСМАЙЫЛ"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru