Меню
Эл-Сөздүк

АЛКАК

«Алкак ийип арчадан, түп кынаган челекке, Ак кайыштай чоюлуп, Карскан ийген элекке» (Калык) Жыгаччылыкта челек, элек, май бышкыч (куу-күү) сыяктуу идиштердин бөлүктөрүн бириктирүүчү, алардын эки-үч жерине курчала турган ичке (2,0—3,0 см.) түпкүч формасындагы жыгач. Аны чеберлер сууга салып, жибитип, табына келген кезде ийишет. Мындай ыкма менен казанга түпкүч, элекке карскан, шири идиштеринин оозуна кептөөч да жасалат.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: