Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - АБАЛАК
  • абалак
 

АБАЛАК

 
«Ордо» оюнунда чүкө аткыч, черткич курал. Ал мүйүздөн жасалып, төрт бурчтуу (орточосу узуну 10—11 см; туурасы 4—5 калыңдыгы 1—1,5 см. болот). Ал көп кар баскан карт текенин мүйүзүнөн тандалып жасалат. Алгач аны чеберлер кол араасы менен аралап, тегиздеп, малдын майын калың сыйпап, таптуу отко кактайт. Мүйүз былпылдап жумшарганда суутпай туруп, үстүңкү бети бир аз чуңкурча, кайкыраак болушу үчүн ага шынаа сымалданган жыгач коюп, тегиз эки жыгачтын ортосуна кыпчытып, кайыш же зым менен таңып, оор ташты үстүнө бастырат. Бир топ күндөн кийин калыбын сактаган мүйүздүн чеке-белдерин аралап, өгөөлөп, жонуп, абалак түспөлүн берет. Эптүү болушка анын баш бармак, сөөмөй, ортон кармай турган эки чети араа, бычак аркылуу каршы-терши «торчолонот».
      Абалактын көлөмү ар кандай болот. Ал эми кулжанын мүйүзү өтө эле катуу келгендиктен абалак жасоо кыйын. Ошондой эле абалактын бир жагы жазы, экинчи тарабы кууш келип калат. Буга беш карыштан жогору болгон текенин мүйүзүн тандоо керек. Картаң текелердин мүйүзү тогуз карышка дейре жетет. Абалак үчүн мына ошолор табылгыс жердик болот. Мында мүйүздүн жарымы туюк келип, жарымынын ичинде өзөгү же көңдөйүрөөк көрүнөт. Так ошондой алты карыш мүйүздүн үч карышы, сегиз карыштын төрт карышы калың келет.
      Абалактын үч түрү бар: Топ бузаар (ураттаар) абалак — бул чоң абалак. Шадылуу адамдардын колдоруна токтомдуу келет да, узуну бир нукумдан бир элидей ашыгыраак болуп (шадылуу колдуу адамдардын өлчөмү менен) туурасы төрт жарым элиге чейин жетет. Бул абалак томпойдон эки эсе оор көрүнөт да, калыңдыгы бир жарым элидей болот.
      Орто абалак-чүкөнү чертет. Жемек — кадоочу, тооручак — тооручу абалак. Мунун узуну нукум, туурасы төрт элидей келип, калыңдыгы элиден азыраак ашат. Текенин мүйүзү араа аркылуу кесилет да, керки менен тегизделип, бодур жерлери кайрак таштарга сүртүлө, өгөөлөнүп жылманалат. Абалактын жерге тийүүчү тарабы саал кайкыраак келет. Ансыз анын кырлары жерге тийип, абалак жакшы жүрбөй калат. Абалак үстү көбүнчө тегиз келип, бир аз кайкыраак болушу да ыктымал. Абалак кичине болсо чеберлер үшкүлөп, ага коргошундан кыт куюшат. Өтө оор абалак чүкөнү сындырат.
      Топ бузуучу, топ атуучу адамдарды «ордо оюнунда» «ураткан» деп да аташат. Мыкты абалактар «козулук абалак», «койлук абалак», «улактык абалак» деп айтылат.

Получить все переводы слова - "АБАЛАК" по направлению Кыргызский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "АБАЛАК" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "АБАЛАК"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru