по |
1. с дат. п. (на поверхности, вдоль поверхности, о поверхность) менен, -га, -дан; идти по дороге жол менен жүрүү; лазить по горам тоодон тоого чыгуу; спускаться по лестнице тепкич менен түшүү; гладить по голове башынан сылоо; 2. с дат. п. (в пределах чего-л., в чём-л., где-л.) -га, боюнча; радостная весть разнеслась по всей стране сүйүнүчтүү кабар бардык өлкөгө таркады; приказ по армии армия боюнча приказ; рассадить всех по местам бардыгын орундарына отургузуу; 3. с дат. п. (в направлении) карай, көздөй, кууп; плыть по течению суунун агынына карай сүзүү; идти по следу волка карышкырдын изин кууп жүрүү; 4. с дат. п. (в области чего-л., в сфере какой-л. деятельности) боюнча; работать по профсоюзной линии профсоюз боюнча иштөө; он врач по профессии профессиясы боюнча ал - врач; 5. с дат. п. (согласно, следуя чему-л., в соответствии, соразмерно) боюнча; поезда ходят по расписанию поезддер расписание боюнча жүрүшөт; работать по плану план боюнча иштөө; по моему мнению менин оюм боюнча, менин оюмча; 6. с дат. п. (посредством чего-л.) менен, аркылуу; послать по почте почта аркылуу жиберүү; сообщить по телеграфу телеграф аркылуу билдирүү; 7. с дат. п. (вследствие чего-л.) менең, дан, боюнча; сделать что-л. по ошибке бир нерсени жаңылыштан иштөө; не явиться на работу по болезни оорулуу болгондуктан жумушка келбей калуу; по обязанности милдети боюнча, милдет болуп; 8. с дат. п. (на основании каких-л. признаков) жагынан; старший по возрасту жашы жагынан улуу; лучший по качеству сапаты жагынан мыкты; 9. с дат. п. (при указании близости, родства) боюнча; товарищ по работе кызмат боюнча жолдош; 10. с дат. п. (при указании срока, в течение какого-л. времени) -да, -дан; бою; он работает по восемь часов в день ал күнүнө сегиз сааттан иштейт; я не видел его по целым неделям мен аны жумалар бою көргөн жокмун; по выходным дням она ездит купаться дем алыш күндөрүндө ал сууга түшүүгө барат; 11. с дат. и вин. п. (в разделительном значении) -дан; по рублю штука бир данасы бир сомдон; дать детям по яблоку балдарга бирден алма берүү; 12. с дат. п. (при указании на направленность какого-л. действия) -га карай; стрелять по противнику душманга карай атуу; 13. с дат. п. (со словами "скучать", "тосковать", "тоска") -үн, -ын; скучать по сыну баласын сагынуу; тоска по дому үйүн саноо; 14. с вин. п. (вплоть до) -га чейин; войти в воду по пояс белчесине чейин сууга кирүү; прочитать с первой по пятую главу биринчи главадан бешинчисине чейин окуп чыгуу; 15. с вин. п. (идти за чем-л.) -га; он пошёл по воду ал сууга кетти; 16. с предл. п. (после чего-л.) -дан кийин; по истечении срока мөөнөтү өткөндөн кийин; по прибытии на место жерине жеткенден кийин; по окончании работы жумушту бүткөндөн кийин; 17. с дат. и вин. п. (в сочетании с числительными - при указании на количество) -дан; по одному бирден; по сорок кырктан; по сто жүздөн. по- приставка 1. төмөнкү маанидеги этиштерди түзөт: 1) кыймыл-аракеттин башталганын көрсөтүүчү; мис. пойти баруу; 2) кандайдыр бир кыска убакытта болуучу кыймыл-аракеттин анчалык же толук эмес экендигин көрсөтүүчү; мис.: побегать жүгүрүп жүрүү, бир аз жүгүрүү; поварить бышыра салуу, бышыруу; 3) "ыва, -ива" деген суффикстер менен бирге кыймыл-аракеттин көп жолу кайталангандыгын, белгилүү бир узак убакытта болгондугун көрсөтүүчү; мис. покрикивать кыйкырып-кыйкырып туруу, кыйкырып туруу; 4) көп адамдарга көп предметтерге таандык болгон кыймыл-аракетти көрсөтүүчү; мис. попрятаться жашынып калуу; 2. төмөнкө маанидеги тактоочторду, сын атоочтордужана зат атоочторду түзөт: 1) сапатты бир аз күчөтүүчү; мис.: помягче бир аз жумшак, жумшагыраак; поближе жакыныраак бир аз жакын; 2) көрсөтүлгөн предметтердин ар бирине карата болгон мамилелерди же бир нерсеге туура келүүчүлүктү көрсөтүүчү; мис: подекадный декада сайын; постатейно статьялар боюнча; 3) бир нерседен кийинки убакытти көрсөтүүчү; мис. посмертный өлгөндөн кийинки, өлгөндөн соңку; 4) бир нерсеге жакын тургандыкты көрсөтүүчү; мис: Поволжье Волга жанындагы; пограничный чек арадагы, чек аралык. |
Получить все переводы слова - "по" по направлению Русский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "по" на Русском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "по"?
Ввойти