Кыргыз тилинин жазуу эрежелери (орфографиялык эрежеси)

Автор: Руслан Чодоев 15.03.2012

  Кыргыз_тилинин_эрежелери.zip (22,8 КиБ, 18 284 hits)

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 2002-жылдын 28-июнундагы З № 830-II токтомуна тиркеме

Кыргыз тилинин жазуу эрежелери (жаңы редакциясы)

 (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 26-июнундагы № 567 токтомунун редакциясына ылайык)

Караңыз:Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-мартындагы N 65 Кыргыз тилинин жазуу эрежелерине айрым өзгөртүүлөрдү жана тактоолорду киргизүү жөнүндө» токтому

I. Тыбыш, тамга жана алфавит

 1-§. Кыргыз адабий тилинде отуз тогуз тыбыш бар: он төрт үндүү, жыйырма беш үнсүз. Үндүүлөрдүн сегизи — кыска: а, э, о, ө, ы, и, у, ү; алтоо — созулма: аа, ээ, оо, өө, уу, үү; жетөө — жоон: а, аа, о, оо, ы, у, уу; жетөө — ичке: э, ээ, ө, өө, и, ү, үү. Үнсүздөрдүн алтоо — уяң: м, н, ң, р, й, л; сегизи — жумшак: б, в, д, ж, ж, з, г; он бири — каткалаң: п, ф, с, ш, щ, ч, х, к, к, т, ц. 2-§. Кыргыз адабий тилиндеги тыбыштарды белгилөө үчүн 36 тамгадан турган Кирилл алфавити колдонулат: Аа, Бб, Вв, Гг, Дд,, Ее, Ееё, Жж, Зз, Ии, Йй, Кк, Ал, Мм, Нн, н, Оо, Өо, Пп, Рр, СС, Тт, Уу, Үү, Фф, Хх, Цц, Чч, Шш, Щщ, ь, Ыы, ъ, Ээ, Юю, Яя. 3-§.Созулма үндүүлөр кош тамга менен белгиленет: аа, ээ, оо, өө, уу, үү. Аары, саат, жаа, жээк, бээ, оор, боор, жоо, өөн, мөөн, төө, уук, суур, буу, жүүн, күү ж.б.

II. Тыбыштардын жазылышы

 1. Үндүү тыбыштардын жазылышы

 4-§. Жазууда э тамгасы төмөнкүчө колдонулат: 1. Кыргыз тилиндеги сөздөрдө э тыбышы сөздүн башталышында келсе, э тамгасы менен, сөз ортосунда жана сөз аягында үнсүз тыбыштардан кийин келген учурларда е тамгасы менен белгиленет, ал эми созулма түрү бардык учурда ээ болуп жазылат. М.: сөз башында — эгин, эки, элик, эр, эски, сөз ортосунда жана сөз аягында үнсүз тыбыштардан кийин — бет, жер, желек, темир, тирек, кетмен, беде, бетеге, кеңешме, кереге, ар түрдүү орундарда — элек, эмгек, эне, эрте, созулма түрүндө: ээр, жээк, жээн, керээз, мээр ж.б. 2. Орус тилинен же орус тили аркылуу чет тилдерден кирген бир катар сөздөрдө жана энчилүү аттарда айтылыш өзгөчөлүгүн айрыкча белгилеп көрсөтүү максатында сөз башында, үндүүлөрдөн кийин жана үнсүздөрдөн кийин да э жазылышына жол берилет. М.: сөз башында — экватор, экономика, экран, экскурсия, экзамен, энергия, экспедиция; үндүүлөрдөн кийин — аэродром, аэропорт, поэзия, статуэтка, фаэтон, алоэ, үнсүздөрдөн кийин мэр, сэр, Чжу Дэ, Улан-Удэ. 5-§. Үндүү тыбыштар менен аяктаган сөздөргө үндүү тыбыш менен башталган мүчө уланганда, үндүүлөрдүн бири түшүп калат: бала-ым балам, эне-ым — энем, тара-ын — таран, укта-ып — уктап. 6-§. Уңгу сөздөрдө болсун, же сөзгө мүчө уланганда болсун, оо, уу созулма үндүүлөрү йоттошкон тыбыштардан же й тыбышынан кийин катарлаш келген учурларда алардын айкалышы ёо, юу түрүндө жазылат: аюу, коюу, бое+оо — боео, ая+оо — аёо, тая+оо — таёо, жай+уу — жаюу, кой+уу — коюу ж.б.

2. Үнсүз тыбыштардын жазылышы

  7-§. Төл сөздөрдүн аягында б, в, д, ж, г тыбыштары колдонулбайт, бирок өздөштүрүлгөн герб, клуб, араб, гараж, парад, эпилог сыяктуу сөздөрдө сакталат (VII бөлүмдү караңыз). 8-§. Төл сөздөрдө р тыбышы сөз башына келбейт, ошондуктан раазы, рас, раак сөздөрү ыраазы, ырас, ыраак түрүндө жазылат. Эскертүү: 1. Араб, фарс, орус ж.б. тилдерден кирген кээ бир сөздөр төмөнкүчө жазылат: рамадан, раис, рубаи, рабат, расмий, райкан, руханий. 9-§. Б тамгасынын жазылышы Б тыбышы эки үндүүнүн ортосунда жылчыкчыл в тыбышына окшош айтылса да, жазууда б тамгасы менен жазылат: ооба, аба, собол («суроо» маанисиндеги сөз), өбөлгө, обон, үбөлүк, кубаныч, убал, добуш ж.б. 10-§. Г тамгасынын жазылышы 1. Сөздөгү же муундагы жоон же ичке үндүүлөрдүн катышына карай г тамгасы эки түрдүү тыбыштык милдет аткарат. 2. Жоон үндүүлөр катышып түзүлгөн сөздөрдө жана муундарда г тамгасы түпчүл г (гы) тыбышын билдирет: ага, агыш, айгыр, бугу, булгаары, гана, жоогазын, жыргал, кургак, шагыл. 3. Ичке үндүүлөр катышып түзүлгөн сөздөрдө жана муундарда г тамгасы орточул г (ги) тыбышын билдирет: гүл, дөңгөлөк, илгич, кемеге, тегирмен, үгүт, чегедек, эгин. 4. Орус тили аркылуу кирген сөздөрдө жоон жана ичке үндүүлөр менен келген муундарда да г тамгасы орточул г (ги) тыбышын билдирет: газ, галстук, гигиена, госпиталь, градус, агитатор, агроном, бригада. 5. Бир катар сөздөрдө г тыбышы сөздүн эң аягына келгенде, каткалаң к тыбышы сыяктуу айтылат. Бирок, жазууда г тыбышы сакталып кала берет: педагок (айтылышы) — педагог (жазылышы) налок (айтылышы) — налог (жазылышы), диалок (айтылышы) — диалог (жазылышы), демагок (айтылышы) — демагог (жазылышы), залок (айтылышы) — залог (жазылышы). 11-§. Ж тамгасынын жазылышы Кыргыз тилиндеги ж тыбышы менен орус тилинен кабыл алынган сөздөрдөгү ж тыбышынын айтылышы бири-бирине туура келбесе да, бул эки тыбыш бир гана тамга аркылуу берилет: жашыл, желек, жигит, жолборс, жөнөкөй, жумшак, жүн, жыгач, жандарм, жюри, пейзаж, мажбур, муктаж. 12-§. К тамгасынын жазылышы Сөздөгү же муундагы жоон, ичке үндүүлөрдүн катышына карай к эки түрдүү тыбыштык милдет аткарат. 1. Жоон үндүүлөр катышып түзүлгөн сөздөрдө жана муундарда к тамгасы түпчүл к (кы) тыбышын билдирет: кагаз, как, кайчы, кокту, кокустук, кургак, кызык, аксак, мокок, окуу, сактык, тамак, укук. 2. Ичке үндүүлөр катышып түзүлгөн сөздөрдө жана муундарда к тамгасы орточул к (ки) тыбышын билдирет: кедей, кекилик, кийим, кичинекей, көгүчкөн, күлкү, ичке, айыпкер, эшик. 3. Орус тили аркылуу кирген сөздөрдө жоон жана ичке үндүүлөр менен келген муундарда да к тамгасы орточул к(ки) тыбышын билдирет: кадр, казарма, картон, климат, кодекс, курорт, край, лектор, полковник, тактика, факультет, хоккей, экспонат. 13-§. Ф, х, ц, щ тамгаларынын жазылышы1. Алфавиттен орун алган ф, х, ц, щ тамгалары дээрлик орус тили аркылуу кирген сөздөрдө колдонулат: фабрика, фамилия, ферма, фляга, цемент, цех, патефон, плащ, художник, цензура, футбол, химия, экскаваторщик, цирк, циркуль, щетка. 2. Кыргыз тилинде ф тамгасы айрым тууранды жана сырдык сөздөрдө, ошондой эле кээ бир энчилүү аттарда гана колдонулат: Уф! Күндүн ысыгын карачы. Бөф! Жыты жаман экен. Фатима, Фарида (кишинин аттары). 3. Кыргыз тилинде х тыбышы хан, пахта деген сөздөрдө, ха-ха, ах, бах, төх сыяктуу сырдык же тууранды сөздөрдө гана колдонулат. 4. Араб, иран тилдеринен кирип, айрым тектеш тилдерде х аркылуу айтылып жана жазылып жүргөн рахмат, рахат, хурма, хурсант, хуштар сыяктуу сөздөрдүн кыргызча к аркылуу айтылышына жана жазылышына да жол берилет: ыракмат, ыракат, курма, курсант, куштар.

3. Йоттошкон е, ё, ю, я тамгаларынын жазылышы

  14-§. Йоттошкон е тамгасы төмөнкү учурларда жазылат: 1. Үндүү и тыбышынан кийин йоттошкон йэ тыбышын билдирүү үчүн колдонулат: тиешелүү, тиер-тийбес, чие, чиеленген. 2. Орус тили аркылуу кирген сөздөрдө сөз башында жана үндүүлөрдөн кийин йэ тыбышын билдирет: Европа, Египет, евангелие, траектория, реестр, диета, иероглиф, клиентура, проект, уезд. 3. Аягы й тыбышы менен бүткөн сөздөргө үндүү менен башталган же үндүү тыбыштан турган көбүнчө чакчыл -а (-е) мүчөсү уланганда жазууда йе же йэ түрүндө берилбестен, е тамгасы аркылуу гана берилет: кий — киет, чий — чиет, кеңей — кеңеет. Булардын кийет, чийет, кеңейет же кеңейэт болуп жазылышына жол берилбейт. (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 26-июнундагы N 567 токтомунун редакциясына ылайык) 15-§. Кыргыз тилинде ё тамгасы төмөнкү учурларда колдонулат: 1. ё тамгасы уңгу сөздөрдө үндүүлөрдөн, көбүнчө о тамгасынан кийин гана жазылып, татаал йо (й+о) тыбышынын ордуна жүрөт: боё, боёк, коён, боён. Бул сыяктуу сөздөр бойо, бойок, койон, бойон түрүндө йо менен жазылбайт. 2. Кой, сой, чой, той сыяктуу аягы -ой менен бүткөн уңгу сөздөргө о тыбышы менен келген мүчөнүн айкалышы йо аркылуу койот, сойот, чойот, тойот болуп жазылбастан, ё тамгасы менен берилет сой-соёт, чой-чоёт, той-тоёт. 3. Орус тили аркылуу кирген сөздөрдө ё тамгасы төмөнкүчө колдонулат: — сөз башында үндүүлөрдөн кийин ё тамгасы йо (й+о) тыбыштарынын ордуна жүрөт: ёлка, заём. — бир катар сөздөрдө ё тамгасы үнсүздөрдөн кийин о тыбышынын ичке айтылышын билдирүү үчүн колдонулат: вертолёт, самолёт, суфлёр, актёр. — ё тамгасы ф тамгасынан кийин кээ бир энчилүү аттарда жана чет тилдерден кирген айрым сөздөрдө гана жазылат: Фёдор, шофёр. — орус тили аркылуу кирген бир катар сөздөрдө ж, ч, щ тыбыштарынан кийин ё тамгасынын жазылышы учурайт: дирижёр, стажёр, зачёт, счёт, счётчик, щёлочь, щётка. — төмөнкүдөй кабыл алынган сөздөр ё тамгасы менен эмес, йо тамгалары менен жазылат: йод, район, майор, Нью-Йорк. 16-§. Кыргыз тилинде ю тамгасы төмөнкү учурларда колдонулат:1. Уңгу сөздөрдө ю й+у тамгаларынын ордуна жүрөт: куюн, оюн, уюм, чоюн. 2. Аягы й менен бүткөн сөздөргө таандык мүчөлөр же -ын, -ыл, -ыш сыяктуу үндүү менен башталган мүчөлөр уланганда тыбыштык йу айкалышы ю тамгасы менен берилет: кой+ым — коюм, кой+ын — коюң, той+ын — тоюн, сой+ыш — союш ж.б. 3. Аягы й тыбышы менен бүткөн сөздөрдөн кийин созулма уу мүчөсү келген учурларда, алардын айкалышы -йуу түрүндө жазылбастан юу түрүндө жазылат: кой+уу — коюу, сой+уу — союу ж.б. 4. Жазууда ю тамгасы орус тили аркылуу кирген сөздөрдө орус тилиндеги маанисин толук сактап, бир бүтүн тыбыш катарында колдонулат: бюст, жюри, парашют, бюро. 17-§. Кыргыз тилинде я тамгасы төмөнкү учурларда колдонулат: 1. Уңгу сөздөрдө й жана а тыбыштарынын айкалышын билдирет: аяк (айак), аянт (айант), баянда (байанда), даяр (дайар), уят (уйат). 2. Аягы й менен бүткөн сөздөрдөн кийин а тыбышы менен башталган мүчө уланган кезде я тамгасы колдонулат: жай+а+т-жаят, кый+а+быз-кыябыз (кыйабыз эмес), жый+ар-жыяр (жыйар эмес). 3. Орус тили аркылуу кирген сөздөрдө я тамгасы орус тилиндеги маанисин толук сактап, бир бүтүн тыбыш катарында колдонулат: авиация, акация, галерея, снаряд, идея, маяк.

III. Баш тамгалардын жазылышы

  18-§. Сүйлөм баш тамга менен башталып жазылат. Эмгек — бакыт. Биз элибиздин маданий байлыгына мурасчыбыз. 19-§. Сүйлөмдүн же энчилүү аттын башына келген созулма үндүүнүн биринчи тамгасы — баш тамга, экинчиси кичине тамга менен жазылат. Аалам, Ооруктам, Уулум, Ээрден, Аалы ж.б. 20-§. Энчилүү аттар баш тамга менен жазылат (VI бөлүмдү караңыз).

IV. Жөнөкөй сөздөрдүн жазылышы

1. Уңгу сөздөрдүн жазылышы 21-§. Айрым тыбыштары орун алмашып, эки түрдүү айтылган уңгу сөздөрдүн эки түрүнө тең жазууда жол берилет: айыр//айры, күмөн//күнөм, убакыт//убакты, кайры//кайыр, бакыт//бакты ж.б. 22-§. Айрым сөздөрдүн бир же бир нече тыбышынын түшүрүлүп же түшүрүлбөй сакталып айтылган эки түрүнө тең жазууда жол берилет: алга//алдыга, кең//кеңири, нак//накта, чуму//чумку, бүкүл//бүкүлү, силк//силки, теңир//теңири ж.б. 23-§. Сөз башында н тыбышы түшүрүлбөй жазылат: найза, намыс, нарк, нокто, начар, нөшөр, ноюбас, ным, нике ж.б. Ал эми нечен-эчен, небак-эбак болуп айтылган сөздөрдүн эки түрүнө тең жазууда жол берилет. Эскертүү:Бул өңдүү сөздөрдүн толук тизмеси орфографиялык сөздүктө берилет.

2. Сөз мүчөлөрүнүн жазылышы

 24-§. Аягы р тыбышы менен бүткөн сөзгө -лык, -луу, -ла мүчөлөрү жалганганда, мүчөнүн башындагы л тыбышы д тыбышына өтүп да, өтпөй да айтылган эки түрүнө тең жазууда жол берилет: карлуу//кардуу, түрлө//түрдө, шаарлык//шаардык ж.б. 25-§. Чакчыл -а(-й) мүчөсү уланган сөздөн кийин 1-жактын жак мүчөсү келсе, жак мүчөнүн кыскарып, -м жана толук -мын болуп айтылган эки түрүнө тең жазууда жол берилет: келем — келемин, окуйм — окуймун, алам — аламын, барам — барамын ж.б. 26-§. Өткөн чактын — ган мүчөсүнөн кийин 1-жактын жак мүчөсү келсе, булардын -ганмын, -гамын, -гам болуп өзгөрүп же кыскартылып айтылган түрлөрүнүн бардыгына тең жазууда жол берилет: келгенмин — келгемин — келгем, барганмын — баргамын — баргам, окуганмын — окугамын — окугам ж.б. (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 26-июнундагы N 567 токтомунун редакциясына ылайык) 27-§. Таандык мүчө уланган сөздөн кийин илик, табыш, чыгыш жөндөмө мүчөлөрү келсе, жөндөмө мүчөлөрүнүн кыскарган түрүнө да, толук түрүнө да жазууда жол берилет: энемдин — энемин, энемди — энеми, энемден энемен, энеңдин — энеңин ж.б. 28-§. I, II жактын жекелик мүчөлөрүнөн кийин жалпы таандык -ныкы мүчөсү уланганда, мүчөнүн толук жана кыскарган эки түрүнө тең жазууда жол берилет: баламкы//баламдыкы, иниңки//иниңдики, агамкы//агамдыкы, эжеңки//эжеңдики. 29-§. Чыгыш жөндөмөдө турган мезгил тактоочтордун кыскарган түрүнө да, толук түрүнө да жазууда жол берилет: байыртан//байыртадан, илгертен//илгертеден, эмитен/эмитеден, азыртан/азыртадан. 30-§. -оо, -уу, -өө, -үү мүчөсүнөн кийин — чы мүчөсү уланып жасалган атооч сөздөр уңгудагы үндүүгө карата өзгөрүп, жазуучу, тергөөчү, ширетүүчү, бургулоочу түрүндө жазылат. 31-§. Адат өткөн чактын -чу мүчөсү уланган этиш сөздөр жазчу, тергечү, ширетчу, бакчу, иштечү түрүндө гана жазылат. Эскертүү: Этиш сөздөрдүн -ычу, -учу, -үчү формасында жазылышына жол берилбейт: барычумун эмес, барчумун, келүчүмүн эмес, келчүмүн ж.б. 32-§. Башка тилдерден өздөштүрүлгөн аягы жумшак үнсүздөр — б, в, г, д, ж тыбыштары менен бүткөн сөздөргө уланган мүчөнүн башкы үнсүзү каткалаңдашып айтылганы менен, жазууда ага жол берилбейт: педагогко эмес, педагогго; Калининградта эмес, Калининградда; Гамбургка эмес, Гамбургга; Алиевтин эмес, Алиевдин ж.б. 33-§. Аягы к, п тыбыштары менен бүткөн сөздөргө үндүүдөн башталган мүчө жалганса, алар г, б тыбыштарына өтүп айтылышы боюнча жазылат. кок + ыш = көгүш, бак + ар = багар, чап + уу = чабуу, китеп + ы = китеби, бак + ында = багында, топ + ым = тобум ж.б. Эскертүү: Тууранды сөздөрдө бул тыбыштар жумшарбайт: такылда, чакылда, бапылда, тапылда ж.б. 34-§. Аягы уяң үнсүз менен бүткөн сөздөргө таандык мүчө уланганда, уңгунун тыбыштык түзүлүшүнүн өзгөрүп да, өзгөрбөй да жазылышына жол берилет: карыным — кардым, мурунуң — мурдуң, эриниң — эрдиң, ийиниң ийниң ж.б. (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 26-июнундагы N 567 токтомунун редакциясына ылайык) 35-§. Үндүү тыбыш менен аяктаган этиш сөзгө атоочтуктун -ар//-ыр мүчөсү жалганса, бул мүчө уланган муундагы үндүүнүн созулуп айтылыш формасына жазууда жол берилет: иште + ар = иштээр, башта + ар = баштаар, ойло + ар = ойлоор, кара + ар = караар ж.б. Эскертүү: -ы, -и үндүүлөрү менен аяктаган сөздөргө — ар//-ыр мүчөлөрү жалганса, соңку муундагы үндүү созулуңку айтылат, бирок жазууда буга жол берилбейт: ири + ир = ирир, чири + ир = чирир, байы + ыр = байыр, жиби + ир = жибир, ысы + ыр = ысыр, ээрчи + ир = ээрчир. 36-§. Үнсүз менен аяктаган этишке — ар мүчөсү жалганса, соңку муундагы үндүү созулуңку айтылат, бирок буга жазууда жол берилбейт: бар + ар = барар, кел + ар = келер, сат + ар = сатар, жүр + ар = жүрөр ж.б. 37-§. Аягы м, п тыбыштары менен бүткөн этиш сөздөргө чакчыл — ып мүчөсү жалганганда, уңгу да, мүчө да тыбыштык жактан өзгөрүп, созулуп айтылгандыктан, андай сөздөр угулушу боюнча жазылат: эм + ып = ээмп, сеп + ып = сээп, өп + ып = өөп, чап + ып = чаап ж.б. (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 26-июнундагы N 567 токтомунун редакциясына ылайык) 38-§. Аягы н тыбышы менен бүткөн сөздөргө к, г, б, м тыбыштарынын бири менен башталган мүчө жалганса, н тыбышынын ң же м тыбышына өтүп айтылышы мүмкүн, бирок жазууда жол берилбейт: түңкү эмес, түнкү; түмбү эмес, түнбү; күңгө эмес, күнгө ж.б. (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 26-июнундагы N 567 токтомунун редакциясына ылайык) 39-§. Аягы з тыбышы менен бүткөн сөзгө с, ч тыбыштары менен башталган мүчө жалганса, сөздүн угулганындай жазылышына жол берилбейт: сөссүз эмес, сөзсүз; касса эмес, казса; тоссо эмес, тозсо; асчылык эмес, азчылык ж.б. 40-§. Аягы ч тыбышы менен бүткөн сөзгө с, ч, т тыбыштарынан башталган мүчө жалганса, ч тыбышынын ш тыбышына өтүп айтылышына жазууда жол берилбейт: ушсуз эмес, учсуз; кашты эмес, качты; уушта эмес, учта; чашса эмес, чачса ж.б. 41-§. Күчөтмө маанидеги кап-, көп-, кып-, кип-, күп-, жеп-, чоп-, оп-, ып-, жап-, беп- ж.б.у.с. формалар негизги сөз менен бирге жазылат: капкара, капкайдан, капкачан, күпкүндүз, кипкичине, бепбекер, көпкөк, жепжеңил, чопчоң, опоңой, апаппак, жыпжылуу, мупмуздак, ыпысык, жапжалгыз. Ошондой эле тепедентең, тепетең, тападантак, тапатак, чападанчак, чапачак деген сөздөр да бирге жазылат. (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 26-июнундагы N 567 токтомунун редакциясына ылайык)42-§. Башка тилдерден өздөштүрүлгөн на-, бей-, анти-, контр-, дисыяктуу префикстер өзү айкашкан сөздөр менен бирге жазылат: бейадеп, бейкүнөө, бейбаш, бейжай, бейтааныш, нааразы, натуура, бейкам, бейкапар, антидүйнө, контрреволюция, диалог ж.б.

V. Татаал сөздөрдүн жазылышы

1. Бириккен сөздөрдүн жазылышы 43-§. Тыбыштык түрү өзгөрүп, түгөйлөрү өз ара бириккен сөздөр бирге жазылат: бүгүн, быйыл, кайер, жыңайлак, жылаңач, жылаңбаш, унчук, кайната, байке, агайын, былтыр, бүрсүгүнү, антип, минтип, ушинтип, ошентип ж.б. (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 26-июнундагы N 567 токтомунун редакциясына ылайык)   2. Кошмок сөздөрдүн бирге жазылышы

(Бөлүк Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 26-июнундагы N 567 токтомунун редакциясына ылайык)

44-§. Лексикалык мааниси күңүрттөнүп, өз алдынча колдонулуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган сөздөр менен толук маанилүү сөздөрдүн айкашын түзүп, бир маани берип турган кошмок сөздөр бирге жазылат: карамүртөз, кечкурун, көбүнесе, арабөк, балжууран, карагат, алмончок ж.б.

(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 26-июнундагы N 567 токтомунун редакциясына ылайык) 45-§. Жанаша айтылган эки сөздүн биринчиси уяң үнсүз менен аяктап, кийинкиси каткалаң үнсүз менен башталып колдонулса, каткалаң үнсүз жумшарып айтылат, бирок жазууда ага жол берилбейт жана айрым-айрым жазылат: тилгат эмес, тил кат; коңгарга эмес, кон карга; колгап эмес, кол кап; ишенимгат эмес, ишеним кат. (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 26-июнундагы N 567 токтомунун редакциясына ылайык) 46-§. Эки түгөйү тең өз алдынча лексикалык мааниге ээ болбогон сөздөрдөн жасалган кошмок сөздөр бирге жазылат: асыресе, тиригарак, жексур, ачкүсөн. (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 26-июнундагы N 567 токтомунун редакциясына ылайык) 3. Кошмок сөздөрдүн бөлөк жазылышы

(Бөлүк Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 26-июнундагы N 567 токтомунун редакциясына ылайык)

 47-§. Лексикалык маанисин жоготпой, өз алдынча колдонулуп жүргөн сөздөрдөн куралган кошмок сөздөрдүн ар бир бөлүгү бириктирилбей, айрым-айрым жазылат: көз айнек, алп кара куш, таш бака, козу карын, ат кулак, ай балта, ат тиш, аш казан, айры куйрук, кош ооз, ач көз, көк жал, арык чырай, тогуз кат, үч эм, араң жан, кол жазма, басма сөз, көз караш, кол башчы, жол башчы, көз карандысыз, ак көңүл, кара кер, эл аралык, чыгыш таануу, тил таануу, ден соолук.

(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2008-жылдын 26-июнундагы N 567 токтомунун редакциясына ылайык) 48-§. Татаал сандардын ар бир бөлүгү айрым-айрым жазылат: он бир, жүз элүү эки, бир миң тогуз жүз токсонунчу, он беш, жыйырма үч, он эки, кырк бешинчи. 49-§. Татаал этиштин ар бир түгөйү айрым жазылат: чуркап кел, жүгүрүп чык, отура тур, уктап ал, күтө тур, сүйлөп жатты, айттырып ий, кете бер, алып барып кел, таап кел, алып барып бере кой, сурап чыга кал, жыгылып кете жаздап барып токтоду, келе жатат ж.б. Эскертүү: «жат» деген жардамчы этиш кыскарып «ат» болуп айтылса, са негизги этишке уланып, угулушунча бирге жазылат: баратат, келатат ж.б. (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2008-жылдын 26-июнундагы N 567 токтомунун редакциясына ылайык) 2. Төмөнкү татаал этиштердин толук түрүнө да, кыскартылган түрүнө да жазууда жол берилет: алып бар//алпар, алып кел//апкел, алыпбер//алпер ж.б. 50-§. Зат атооч менен этиштен, куралган кошмок сөздөр да айрым жазылат: жардам кыл, жардам эт, кол шилте, кол сал, баш ийдир, салам бер, баш тарт, азап чек, өч ал, кол кой, таасир эт, өмүр сүр, курман бол ж.б. (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 26-июнундагы N 567 токтомунун редакциясына ылайык) 51-§. Кошмок сөз түрүндөгү татаал сын атооч менен тактоочтордун ар бир бөлүгү айрым-айрым жазылат: көк ала, кара күрөң, мала кызыл, кара көк, кызыл чийкил, ак саргыл, сары ала, кара ала, кер кашка, кара тору (татаал сын атоочтор), бир кезде, ар качан, ар күнү, таң эртең менен, эртең менен эрте, таңга маал, кечке жуук, кеч бешимде, түн ичинде, бир паста (татаал тактоочтор). (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 26-июнундагы N 567 токтомунун редакциясына ылайык) 52-§. Туруктуу сөз айкашынын (фразеологизм) ар бир сөзү бөлөк жазылат: эшек такалаган, тили буудай куурган, кара кылды как жарган, колтугуна суу бүркүү, жумурткадан кыр издоо, камырдан кыл суургандай, мурдун балта кеспеген, талпагын ташка жаюу ж.б. 53-§. Тууранды, сырдык, модал сөздөр, байламта, жандооч, бөлүкчөлөр толук маанилүү сөздөр менен тизмектешин айтылганда, алардын ар бири бөлөк-бөлөк жазылат: өтө кооз, ого бетер, бар эле, сен го, эң сонун, бах чиркин, алуу керек, ат менен келди, адам сымал, киши шекилдүү, ага сөрөй, чогулуштан кийин, мага чейин, тоого дейре, ар нерсе, ар ким, кимдир бироо, эч качан, эч жерде, эч нерсе, ар качан ж.б. Эскертүү: эчтеке, эчтеме, бирдеңке, бирдеме сыяктуу сөздөр бирге жазылат. (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 26-июнундагы N 567 токтомунун редакциясына ылайык) 3. Кыскартылган сөздөр жана алардын жазылышы

(Бөлүк Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 26-июнундагы N 567 токтомунун редакциясына ылайык)

54-§. Башкы тамгаларынан кыскартылган татаал сөздөр баш тамга менен жазылат: КУУ (Кыргыз улуттук университети), УАК (Улуттук аттестациялоо комиссиясы).

(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2008-жылдын 26-июнундагы N 567 токтомунун редакциясына ылайык)

55-§. Баш тамгаларынан кыскартылган татаал сөздөргө мүчө улаганда, кыскартылган сөздүн айтылышына ылайык мүчө кичине тамга менен жазылат: БУУга, КУУнун, УАКтын, МАИнин, КТРдин ж.б. 56-§. Биринчи муундарынан кыскартылган жалпы татаал сөздөр кичине тамга менен башталып, бирге жазылат: химфак, физприбор, филфак, турфирма ж.б.

4. Кош сөздөрдүн жазылышы

57-§. Кош сөздөрдүн бардык түрү ортосуна дефис белгиси коюлуп жазылат сак-саламат, аман-эсен, күч-кубат, эки-үч, улам-улам, бала-бакыра, ыпыр-сыпыр, тарс-турс, жылт-жулт, жүрүм-турум, каада-салт ж б.

VI. Энчилүү аттардын жазылышы

58-§. 1. Адамдын бир сөздөн турган ысымы, аты-жөнү, теги, жашыруун аты, кошумча аты баш тамга менен башталып жазылат: Улан, Нурлан, Кубан, Нур, Урмат, Аян, Кыял, Балка, Жанчар, Чынар, Анар, Асел, Жалын, Толкун, Салкын, Ырыс, Чолпон, Тынай, А.Токомбаев (Балка), А.Убукеев (Кубат) ж.б. 2. Эки же андан көп сөздөн турган адам аттары баш тамга менен башталып, айтылышынча бирге жазылат: Султанмурат, Эсенгелди, Сатыбалды, Кожакмат, Элтегин, Сонунбала, Мамбеткалыб, Абдыкадыр, Асылбүбү, Өмүргазы, Балыгооз, Саргунан, Жеңижок, Аткантаң, Айсара, Элмира ж.б. Эскертүү: адамга гана тиешелүү өзгөчөлүктү билдирген ылакап аттар Кыз Сайкал, Жаңыл Мырза, Тоголок Молдо, Молдо Нияз, Молдо Кылыч, Бала Курман, Акыл Карачач сыяктуу ысымдардын ар бири баш тамга менен башталып, айрым-айрым жазылат. 3. Адамдын ысымына, аты-жөнүнө уулу, кызы, келини деген сөздөр (башка тилдердеги оглы, заде ж.б. сыяктуу). кошулуп айтылса, булар кичине тамга менен айрым жазылат: Касым Тыныстан уулу, Буудайбек Сабыр уулу, Назира Аалы кызы. Эскертүү: атасынын же чоң атасынын ж. б. атынан кийин тегин деген сөз колдонулса, ал сөз бирге жазылат (Тынчтыкбек Чоротегин, Кожогелди Култегин). 4. Азамат Алтай, Аман Саспай, Ашым Жакыпбек сыяктуу адам аттарын жазууда адегенде өз ысмын, андан соң атасынын атын жазууга жол берилет. 5. Кыргыз тилиндеги адам аттарынын аягына ь белгиси жазылбайт: Асель, Назгуль, Эмиль эмес, Асел, Назгүл, Эмил. 6. Адам аттарына -лык, -чы, чыл, -изм мүчөлөрү уланганда, алар жалпы ат катары колдонулат да, кичине тамга менен жазылат: марксизм, манасчы, лениндик, гегелчил. (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 26-июнундагы N 567 токтомунун редакциясына ылайык) 59-§. Морфологиялык түшүнүктөргө байланыштуу татаал энчилүү аттардын биринчиси баш тамга, экинчиси кичине тамга менен айрым жазылат: Адам ата, Умай эне, Баба дыйкан, Ойсул ата, Чолпон ата, Камбар ата, Зеңги баба, Коко теңир ж.б. 60-§. Орус же башка тилдерге тиешелүү ысымдар, орус тилинин орфографиясынын нормасына ылайык жазылат: Фердинанд де Соссюр, Хо Ши Мин, Ким Ир Сен, Бонч-Бруевич, Жан Жак Руссо, Салтыков-Щедрин, Иоганн Себастьян Бах ж.б. Эскертүү: Орус тилинде дж аркылуу белгиленип жүргөн Джек, Джонсон, Кембридж, Джеймс, Джордж Сорос, Джолдошов, Джаныбеков сыяктуу сөздөр кыргыз тилиндеги ж аркылуу гана Жек, Жонсон, Кембриж, Жеймс, Жорж Сорос, Жолдошов, Жаныбеков түрүндө жазылат. (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2008-жылдын 26-июнундагы N 567 токтомунун редакциясына ылайык) 61-§. Урук, уруу, эл аттары (этнонимдер) кичине тамга менен башталып (солто, саяк, кыдык, орус, хакас), татаал түзүлүштөгүлөрү айтылышынча бирге жазылат: сарбагыш, карабагыш, боркемик, каракытай, бешкүрөң, чакчабай, акбилек, элчибай, отузуул ж.б. Эскертүү: бир сөз ичинде созулма үндүүлөрдү катар жазууга жол берилбегендиктен, «Куу уул» этноними айрым жазылат. (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2008-жылдын 26-июнундагы N 567 токтомунун редакциясына ылайык) 62-§. Астрономиялык энчилүү аттардын жөнөкөй жана татаал түрлөрү баш тамга менен жазылат: Жер, Күн, Ай, Чолпон, Жетиген, Жети Каракчы, Алтын Казык, Үркөр, Саманчы Жолу. Эскертүү: эгерде жер, күн, ай деген сөздөр астрономиялык энчилүү ат эмес, жалпы ат маанисинде колдонулса, анда кичине тамга менен жазылат. Мисалы: Бир ай болду. Бүгүн күн ысыды. (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2008-жылдын 26-июнундагы N 567 токтомунун редакциясына ылайык) 63-§. Айбанат, куштардын энчилүү аттары (зоонимдер) баш тамга менен башталып, түгөйлөрү бириктирилип жазылат: Акборчук, Аккула, Кербилек, Акшумкар, Бөрүбасар, Чалкуйрук, Гүлсарат, Телтору, Суречки, Сарала. (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 26-июнундагы N 567 токтомунун редакциясына ылайык) 64-§. 1. Географиялык жөнөкөй энчилүү аттар баш тамга менен жазылат: Азия, Африка, Антарктида, Европа, Алай, Чүй, Сокулук, Тоң, Кемин, Балыкчы, Нарын, Гүлчө, Жазы ж.б. 2. Кошмок сөз тибиндеги төмөнкүдөй татаал географиялык аттар (эгер лексикалык маанисин жоготпой, тилде өз алдынча колдонулуп жүргөн сөздөр болсо) арасына дефис белгиси коюлуп, айрым-айрым жазылат: Ак-Сай, Чоң-Сары-Ой, Кырк-Казык, Жети-Өгүз, Базар-Коргон, Кичи-Кум-Бел, Шамалды-Сай, Ысык-Көл, Соң-Көл, Ысык-Ата, Ала-Тоо, Тору-Айгыр, Төө-Ашуу, Кара-Балта, Жалал-Абад, Кара-Үңкүр, Кум-Төр ж.б. 3. Эгерде географиялык татаал энчилүү аттардын бардык же айрым түгөйлөрү лексикалык мааниге ээ болбогон сөздөрдөн турса, бириктирилип жазылат: Кеңкол, Каракол, Чаткал, Улакол, Торугарт, Балгарт, Аламүдүн, Алайкуу, Көкөмерен, Каракужур, Мырзаке, Чалдыбар. 4. Орус тилинен которулуп алынган географиялык аттардын ар бир сөзү баш тамга менен жазылып, бирок араларына дефис белгиси коюлбайт (мындай географиялык аттардын дефис коюлбай жазылышы орус орфографиясындагы эрежелерге негизделет, анткени бул сыяктуу аттар орус тилинде да дефис коюлбай жазылат): Батыш Европа, Жакынкы Чыгыш, Ыраакы Чыгыш, Орто Азия, Борбордук Азия, Түндүк Америка ж.б. 5. Кыргыз тилине которулбай алынган (орусча кандай айтылса, ошол калыбынча колдонулуп жүргөн) жана орус тили аркылуу башка тилдерден кабыл алынган татаал географиялык аттардын арасына дефис коюлуу же коюлбай жазылуу жагы орус орфографиясындагы принциптерге ылайык иштелет. Буга төмөнкүлөрдү мисал кылууга болот: Кривой Рог, Ясная Поляна, Усть-Каменогорск, Ростов-на-Дону, Рио-де-Жанейро, Нью-Йорк, Сан-Франциско. 6. Географиялык энчилүү аттарга ошол жердик экендигин туюнтуучу -лык мүчөсү уланып айтылса, ал сөз кичине тамга менен жазылат: Алай//алайлык, Кашкар//кашкарлык, Ысык-Көл// ысык-көлдүк, Нарын//нарындык. 7. Айтылышы жана жазылышы ар түрдүү болуп жүргөн географиялык аттар кыргыз тилиндеги айтылышына ылайык жазылат: Алматы, Анжыян, Кокон, Букар, Дүйшөмбү, Самарканд, Ташкент, Маргалаң, Турпан, Кордой, Жамбыл, Түркстан, Казан, Бакы, Семей, Жергетал, Бешкен, Өскемен, Кызылжар, Түркия ж.б. Эскертүү: I) арал, жарым арал, кырка тоо, жер, деңиз, океан, кысык, дарыя, канал, булуң, көчө, аянт, айыл ж.б.у.с. сөздөр географиялык энчилүү аттарга айкаша келсе, кичине тамга менен бөлөк жазылат: Арал деңизи, Балкаш көлү, Суусамыр өрөөнү, Жазы дарыясы, Курил аралдары, Чоң-Муз-Төр жайлоосу, Алай тоо кыркасы, Чоң-Сары-Ой айылы ж. б.; II) түндүк, түштүк, батыш, чыгыш деген сөздөр географиялык татаал энчилүү аттардын тутумунда баш тамга менен башталып, бөлөк жазылат: Түндүк Батыш, Түндүк Чыгыш, Түштүк Чыгыш, Ыраакы Чыгыш, Батыш Европа, Түндүк Вьетнам, Чыгыш Казакстан, Түштүк Чыгыш өлкөлөрү ж.б. Эгерде түндүк, түштүк, чыгыш, батыш деген сөздөр географиялык энчилүү аттардын бүтүмүндө жалпы ат катары колдонулса, кичине тамга менен жазылат: Кыргызстандын түндүгү, Оштун түштүк тарабы, Ысык-Көлдүн чыгышы, Бишкек шаарынын батыш жагы ж.б. (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2008-жылдын 26-июнундагы N 567 токтомунун редакциясына ылайык киргизилди) 65-§. Географиялык энчилүү аттар белгилүү жол каттамынын чегин билдирип турган учурда арасына сызыкча коюлуп, баш тамга менен айрым-айрым жазылат: Ош-Эркечтам-Кашкар жолу, Пекин-Үрүмчү-Алматы-Бишкек-Ташкент темир жол каттамы, Бишкек-Москва-Уфа-Бишкек каттамындагы самолет. (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2008-жылдын 26-июнундагы N 567 токтомунун редакциясына ылайык киргизилди) 66-§. Мамлекет, мамлекеттик жогорку органдардын жана эл аралык уюмдардын аталыштарынын бардык сөздөрү баш тамга менен башталып, айрым-айрым жазылат: Кыргыз Республикасы, Россия Федерациясы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту, Иран Ислам Республикасы, Кытай Эл Республикасы, Кыргыз Республикасынын Конституциялык Соту, Бириккен Улуттар Уюму, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги, Шанхай Кызматташтык Уюму ж.б. (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 26-июнундагы N 567 токтомунун редакциясына ылайык) 67-§. 1. Мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекеме, ишкана, коом, фонд, уюмдардын аталыштарынын биринчи сөзү баш тамга менен башталып, калгандары кичине тамга менен айрым-айрым жазылат: Билим берүү жана илим министрлиги, Майып балдарды колдоо фонду, Туризм жана спорт боюнча агенттиги, Чакан жана орто бизнести колдоо боюнча мамлекеттик фонду, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия. 2. Мекемелердин курамындагы ички бөлүмдөрдүн наамы кичине тамга менен жазылат: Кыргыз улуттук университетинин филология жана кыргыз таануу факультети, Тил жана адабият институтунун азыркы кыргыз тили сектору ж.б. (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 26-июнундагы N 567 токтомунун редакциясына ылайык) 68-§. Ордендердин, медалдардын аттары тырмакчага алынбай, баш тамга менен, орден, медаль деген сөз кичине тамга менен айрым жазылат: Манас ордени, Баатыр эне ордени, Эне даңкы, Эрдик медалы, Даңк медалы. (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 26-июнундагы N 567 токтомунун редакциясына ылайык) 69-§. Тарыхый окуя, майрамдардын аталыштарынын биринчи сөзү баш тамга менен башталып, калгандары кичине тамга менен айрым-айрым жазылат: Жаңы жыл майрамы, Брест тынчтыгы, Тегеран келишими, Басма сөз күнү, Нооруз майрамы, Орозо айт ж.б. Эскертүү: майрамдын аты сан менен башталса, сандан кийинки сөз баш тамга менен жазылат: 1-Май, 9-Май ж.б. (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 26-июнундагы N 567 токтомунун редакциясына ылайык) 70-§. Министр, президент, төрага, деректир, орун басар, доктор, академик, баатыр, эмгек сиңирген ишмер, маршал, генерал, катчы ж.б. кызмат орундарын, атайын наамдарды, илимий даражаларды билдирүүчү сөздөр энчилүү аттар менен кошо айтылганда да кичине тамга менен жазылат: Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын мүчөсү ж.б. Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Баатыры өңдүү расмий аталыштардын бардык сөзү баш тамга менен башталып, айрым-айрым жазылат. (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 26-июнундагы N 567 токтомунун редакциясына ылайык) 71-§. Завод-фабрика, театр, ашкана, кафе, мейманкана, спорттук уюм, дүкөн, басма, мекеме, гүлбак, аянттардын энчилүү аттары тырмакчага алынып, баш тамга менен жазылат: «Ала-Тоо» аянты, «Эркиндик» гүлбагы, «Байсуу» кафеси, «Айсулуу» сулуулук салону, «Бишкек» мейманканасы, «Жыргал» мончосу, «Илим» басмасы, «Чолпон» бут кийим тигүү фабрикасы, «Кыял» бирикмеси. (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 26-июнундагы N 567 токтомунун редакциясына ылайык) 72-§. Адабият, сүрөт, музыка ж.б. өнөр чыгармаларынын, гезит-журнал, китептердин аттары тырмакчага алынып, биринчи сөзү баш тамга менен жазылат: «Тоо арасында» романы, «Каныбек» романы, «Сынган бугу» күүсү, «Агым» гезити, «Узак жол» повести. (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2008-жылдын 26-июнундагы N 567 токтомунун редакциясына ылайык)73-§. Эгерде көркөм чыгармалар анын каармандарынын аттарынан аталып, кош сөз катары айтылса, алар тырмакчага алынып, ортолоруна сызыкча коюлуп, баш тамга менен жазылат: «Жаныш — Байыш», «Саринжи — Бөкөй» эпостору, «Козу көрпөш — Баян сулуу» чыгармасы.

VII. Өздөштүрүлгөн сөздөрдүн жазылышы

74-§. Орус тилинен же ал аркылуу башка тилдерден кирген сөздөр, негизинен, орус орфографиясындагыдай жазылат: жюри, бокс, аффикс, арбитраж, герб, банк ж.б. 75-§. Орус тилинен же ал аркылуу башка тилдерден мурдатан өздөштүрүлүп, кыргыз тилинин тыбыштык өзгөчөлүгүнө баш ийдирилген сөздөр айтылышы боюнча жазылышына жол берилет: белет, ашмүшкө, бардеңке, ирет, көзүр, саржан, мүштөк, момпосуй, тамеки, чыт, чиркөө, сот, борум, догдур, көпөс, жашик, самоор, керебет, үстөл, үтүк, пол, панар, гезит, бекет, кемсел, номур, мүнөт, мискей, шапке, шопур, жаркөп, машине, меш, деректир ж.б. 76-§. Орус тилинен же ал аркылуу башка тилдерден кирген айрым сөздөр кыргыз тилиндеги айтылышына ылайык фонетикалык түрү өзгөрүп (акыркы тыбышы түшүрүлүп же ага башка тыбыш кошулуп же акыркы тыбыштын ордуна башка тыбыш колдонулуп) жазылышына жол берилет: сутки эмес, сутка; ранг эмес, ранга; танк эмес, танка; ботинки эмес, батинке; каникулы эмес, каникул ж.б. 77-§. Аягы -пп, -тт, -сс, -мм кош үнсүздөрү менен аяктаган сөздөргө ушул өңдүү тыбыш менен башталган мүчөлөр айкашса, үч окшош үнсүз катар келбейт, ошондуктан алардын бири түшүрүлүп жазылат: киловатт + да = киловатта, киловат + дан = киловаттан, класс + сыз = классыз ж.б

VIII. Ташымал

78-§. Сөздөр бир саптан экинчи сапка муунга бөлүнүү тартиби боюнча ташылат: ки-теп, бо-ек, то-ют, айтылган-дар, келген-дер, же ай-тылгандар. Созулма үндүү бир гана муун түзгөндүктөн, созулманы бири-биринен ажыратып ташымалдоого болбойт; то-олордо эмес, тоо-лордо; бекинү-үчү эмес, бекинүү-чү, за-аркану-учу эмес, заар-кануу-чу. 79-§. Бир муундан турган сөздөрдү бөлүктөргө ажыратып ташууга болбойт: жол, ар, эл, тан, таан, суук, тоо, ээр, тарс, акт. 80-§. Эки муундан турган ага, ата, атак, аалам, аары, араа, эне, эшик, ээле, элек, өмүр, өтүк, ысык, оона, уула, унаа, ишен, имер сыяктуу сөздөр да ташымалданбайт. Анткени бул сөздөрдүн бир үндүү тыбыштан турган муунун сап аягына калтырып, калган бөлүгү жаны сапка ташып жазылбайт. Демек, бул сөздөр а-га, а-та, а-так, аа-лам, аа-ры, а-раа э-не, э-шик, ээ-ле, э-лек, ө-мүр, ө-түк, ы-сык, оо-на, уу-ла, у-наа, и-шен, и-мер болуп, муунга бөлүнүшү боюнча ташылбастан, бирге жазылат. 81-§. Ичкертүү (ь), ажыратуу (ъ) белгилери өзүнөн мурунку үнсүз тыбыштан бөлүп ташылбайт. Ошондуктан батал-ьон, консул-ьтация, раз-ъезд, под-ъезд болуп ташылбастан, баталь-он, консуль-тация, разъ-езд, подъ-езд болуп ташылат. 82-§. Йоттошкон я, ю, е, ё тамгалары менен келген муундар бөлүнүп ташылбайт: та-я, бо-е, ю-билей, чи-е, акаци-я. 83-§. Үндүү тыбыштардын арасына келген окшош эки үнсүз тыбыштар бири-биринен ажыратып ташылат: та-ккан эмес, так-кан; кана-ттуу эмес, канат-туу; ча-ппа эмес чап-па; ка-сса эмес, кас-са. 84-§. Башкы тамгаларынан кыскартылган БУУ, КУУ, УАК, МАИ сыяктуу сөздөрдү бир саптан экинчи сапка ташымалдап жазууга болбойт. Муундарынан кыскартылган сөздөрдү бир саптан экинчи сапка ташымалдоого болот: хим-фак, мам-бас (мамлекеттик басма). 85-§. Кишилердин кыскартылып алынган ысымы жана атасынын аты фамилиядан ажыратылып ташылбайт. Т.М.Мамбетжунушовдун, Б.Т.Рысалиевдин жана кыскартылган бөлүгүн фамилиядан ажыратып, мурунку саптын аягына же жаңы саптын башына ташууга болбойт. 86-§. Цифрадан кийин келген км, дм, м, см, т, ц, кг, г сыяктуу кыскартылган сөздөрдү өзүнчө бөлүп ташууга болбойт. Булар өзүнөн мурунку цифралар менен чогуу бир жерде жазылат: 10 км, 20 дм, 75 см; 10 т., 100 ц., 125 кг., 67 г. Жалпы эскертүү:орфографиялык эрежеде келтирилген мисалдарга окшош сөздөрдүн жалпы тизмеси ушул эреженин негизинде түзүлчү практикалык колдонмодо жана орфографиялык сөздүктө берилет.

IX. Дефис менен жазуунун эрежелери

87-§. Кайталанып айтылган сырдык сөздөр менен тууранды сөздөрдүн араларына да дефис коюлат: Пай-пай-пай! Эмгек сүйгөн кишилер алп экен го! (Сыдыкбеков). Ха-ха-ха! Чүкө салган тулубум. Ташта, энеке! Кереги жок мунуңун (Турусбеков). Кобур-собур эткен сөздөр, бирин-серин чакырышкан үндөр, тарс-тарс дабыштар Жапарга угулуп турду (Баялинов). 88-§. Эгер иреттик сан цифра аркылуу берилсе, анда дефис -ынчы, (-нчы) мүчөсүнүн ордуна, цифрадан кийин коюлат: 2008-жыл, 16-ноябрь, 4-класстын окуучусу, жыйналыштын 2-маселеси — эмгек тартиби жөнүндө. Эскертүү: 1. Рим цифрасынан кийин дефис коюлбай жазылат: XIX кылымдагы орус адабиятынын тарыхы. Кыргыздардын ХVI-ХVII кылымдардагы экономикалык жана саясий абалы. Окуу жылынын III чейреги. 2. Иреттик сан атоочтордун ордуна N белгиси коюлса, андан кийин дефис белгиси келбейт, анткени N белгисинин өзү иреттик маанини билдирет. Мисалы: N 69 орто мектеп, N 1 китепкана ж.б. 89-§. 1. Чамалама сандардын арасына дефис коюлуп жазылат: отуз-кырк чамалуу кой-эчки, 5-6 киши, төрт-бештен бөлүштүрүү, жашы 40-45 чамасында. 2. Төмөнкүдөй кыскартуулар же толук айтылган сөздөр менен цифралардын арасына да дефис коюлат: ТУ-154, ИЛ-62, АН-10, «Восток-1″ Мерседес-600, Ауди-100, «Союз-9″ космос корабли, Пентиум-4 компьютери. 90-§. Адамдардын илимий даражасын, адистигин, кызматын, наамын, ченин же башка белгилерин көрсөтүүчү татаал сөздөр, жандама аныктоочтуу сөздөр да дефис аркылуу жазылат: мүчө-корреспондент, зоотехник-селекционер, механизатор-айдоочу, акын-драматург, врач-терапевт, премьер-министр, генерал-лейтенант, экс-чемпион, статс-катчы ж.б. Эскертүү: төмөнкү кызмат наамдары, аскердик чендер дефис коюлбай жазылат: башкы кол башчы, улук лейтенант, медицина кызматынын капитаны. 91-§. Пресс-бюро, пресс-конференция, киловатт-саат, тонна-километр, корабль-спутник сыяктуу эки бөлүктөн турган сөздөр да дефис аркылуу жазылат.

В рубриках: Нужные информации

Отзывов (123) на «Кыргыз тилинин жазуу эрежелери (орфографиялык эрежеси)»

Ырысбек пишет:
03.07.2012 в 06:04

Алкыш айтам, коп нерсе билип алдым. Бирок, суроо бар. Ден соолук, чач тарач кандай жазылат?

Руслан Чодоев пишет:
04.07.2012 в 07:15

Эрежеге ылайык:
47-§. Лексикалык маанисин жоготпой, өз алдынча колдонулуп жүргөн сөздөрдөн куралган кошмок сөздөрдүн ар бир бөлүгү бириктирилбей, айрым-айрым жазылат: көз айнек, алп кара куш, таш бака, козу карын, ат кулак, ай балта, ат тиш, аш казан, айры куйрук, кош ооз, ач көз, көк жал, арык чырай, тогуз кат, үч эм, араң жан, кол жазма, басма сөз, көз караш, кол башчы, жол башчы, көз карандысыз, ак көңүл, кара кер, эл аралык, чыгыш таануу, тил таануу, ден соолук.
Демек — «чач тарач» менимче чоогу «чачтарач» деп жазылат.

Нур пишет:
31.07.2012 в 04:06

Саламатсыздарбы,
«Кыргыз таануу» созу чогу жазылабы же оз озунчобу?

Рахмат

Руслан пишет:
31.07.2012 в 06:12

Саламатчылык!
«Кыргыз таануу» өзүнчө жазылат. Анткени «Кыргыз» жана «таануу» деген сөз өзүнчө маанилери бар.

Тынычбек пишет:
02.10.2012 в 07:45

Саламатсызбы!
Тактап коюңузчу бул жообуңуз түшүнүксүз болуп калыптыр:
Демек — «ден соолук». «чач тарач» менимче чоогу «чачтарач» деп жазылат.
Ракмат.

Руслан Чодоев пишет:
02.10.2012 в 09:05

Алейкум салам Тынычбек!
Катаны оңдоп койдум.
Демек — «ден соолук». «чач тарач» менимче чоогу «чачтарач» деп жазылат.
Демек — «чач тарач» менимче чоогу «чачтарач» деп жазылат.

Kushtar пишет:
31.10.2012 в 07:27

Саламатсызбы! Рахмат жасаган ишинизге! Менде суроо: Ысык-Кол, Чолпон Ата, Каракол, Ысыката — ушул аталыштарды акыркы кундору ар кыл болуп жазылып келатканын байкайм. Кайсыл жазылышы ката жана кайсылырын колдонгонго жол берилет же такыр берилбейт?

Рахмат,

Руслан Чодоев пишет:
01.11.2012 в 03:35

Бир кездерде (2002 жылдары) орфографиялык эрежеге өзгөртүү киргизишкен. Ал өзгөртүүгө ылайык Чолпон-Ата, Жалал-Абад деген аттар бирге жазылыш керек деген мыйзам чыккан. Мисалы Чолпоната, Жалалабад. Бирок кийинки жылдары ал өзгөртүү кайра алынып салынып мурунку (Раззаков убагындагы эрежеге) кайра кайтып келишкен. Ал эрежеге ылайык Ысык-Көл, Жалал-Абад, Ысык-Ата деп жазылат. Бирок Каракол (мурунку Преживальск) деген бирге жазылат анткени анын баштапкы аты ушундай болчу. Мындан тышкары Кара-Көл деген шаар да бар.

Тынычбек пишет:
08.12.2012 в 11:32

Саламатсызбы!
Сиздерге ыраазычылык билдиремин. Буга чейин кыргыз тилине кызмат кылган Жаныбек Жанызакты гана билчүмүн. Эми мына сиздердин сайтыңыздардан көп нерселерди бышыктап ала алдым. Негизинен биз мыйзамга таянып иштөөгө үйрөнүшүбүз керек. А кыргыз тилинин жазуу мыйзамдары сиздердин сайтыңыздарда толук берилиптир.
Мындан ары да сиздер менен байланышты үзбөймүн деген үмүтүм бар.

Тынычбек пишет:
08.12.2012 в 11:37

Тактап койгум келип турат.
15 параграфта ё тамгалары е болуп берилген.
Бул сайттагы «опечаткабы» же мыйзамда ошондойбу?

Руслан Чодоев пишет:
09.12.2012 в 12:08

Тынчтыкбек саламатсызбы. 15 параграфта опечатка, кийинчереек ондойм. Азыр сотка аркылуу кичине ынгайсыз…

Тынычбек пишет:
08.01.2013 в 04:38

Руслан, ракмат.
Дагы сурай берейин. билгенден биле элегиң көп дейт. Китеп жазып жаттым эле «тетиги» деген сөздү тактай албай жатам. «Тээтиги» туурабы, же «Тээ тиги» туурбы? Мүмкүн экөө тең туура эместир?

Руслан Чодоев пишет:
08.01.2013 в 10:11

Тынчтыкбек салам!

Карасайевдин Орфографиялык сөздүгүндө — «http://bizdin.kg/dict/d-180/word/тээ»

Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү (Карасаев Х.К.) (kg-kg))

тээ (те эмес) (а.) (а.)
тээ береги
тээ тиги, тетиги

Тынычбек пишет:
09.01.2013 в 08:57

Ракмат.

Айдай пишет:
22.02.2013 в 11:56

Руслан, саламатсызбы?Чогуу деген сөздү, сиз чоогу деп туура эмес жазып алыпсыз.

Дина пишет:
25.03.2013 в 07:47

Бүткүл Дүйнөлүк деген соз сүйломдүн ортосуна келсе чоң тамгалар менен жазылабы? Мисалы: Бүгүн Бүткүл Дүйнөлүк китеп окуу күнү.

Руслан Чодоев пишет:
26.03.2013 в 05:03

Дина саламатсызбы!

67-§. 1. эрежеге ылайык — Бүгүн Бүткүл дүйнөлүк китеп окуу күнү. деп жазылат. Б.а. биринчи сөз чоң тамга менен жазылат, калгандары кичине тамга менен. Ушундай деп ойлойм.

Гүлназ пишет:
24.04.2013 в 08:00

10 000 деген сыяктуу сөздөргө мүчө уланса, чогуу жазылабы, өзүнчөбү же дефис/апостроф мененби?

Айтмырза Абылкасымов пишет:
26.04.2013 в 05:12

Мени негедир төмөнкү сөздүн жазылышы бушайман кылып келет:
«Аракеч»-аракты көп ичкен киши. Х. Карасаевдин «Сөздүгүн» кошумчалаган жаңы китепте да ушул вариантын жазылыптыр… Ал тургай «араккеч эмес» деп да кошумчалап коюшуптур. Ошондо, бул сөздүн уңгусу кайсы болуп калат? «Ара»бы, же «арак»пы? Ал эми ага уланган мүчөнүн -кеч экенин эч ким танбас! Же мурун кимдир бирөө ката жазса, ошону туурап, эрежеге каршы жаза бергенибиз оңбу? Сиздердин оюңуздарды уккум келет.

Руслан Чодоев пишет:
28.04.2013 в 11:03

Аракеч деген сөз «бүгүн» деген сөз сыяктуу эле өзүнчө жаңы сөздүн уңгусу болуп калган. «Бүгүн» деген сөз «бул күн» деген сөздөн келип чыккан. «Аракеч» деген сөз да ошондой эле «Арак кеч» деген сөздөн келип чыкса керек.

Айтмырза Абылкасымов пишет:
01.05.2013 в 09:41

Менимче, «бүгүн» деген сөз чын эле «бул күн» деген эки сөздүн биригүүсүнөн пайда болгону анык. Ал биздин жалкоолугубуздан го, кыязы…Мисалы, «бул жыл» дегенди быйыл , же «келди мен» келдим деп ж.б.
Бирок, «араккеч» деген сөз, мурунку кимдир бирөөнүн сабатсыз жазганынан «аракеч» болуп калып жатпайбы! Мында «арак+кеч» аракты кечип жүргөн эмес, аракты «ара»ны эмес, көп пайдаланган адамды айтабыз го! Чын эле араккеч адам аракты тизесинен кечип жүрсө да… Сиз айткандай «арак кеч» деген сөздөрдөн пайда болсо, анда «арабакеч» деген сөз «араба кеч» деген эки сөздөн пайда болгон деген күлкү келтирерлик «илимий» жыйынтык чыгып калбас бекен? Арабаны го кечип кеткидей суюк зат эмес, же арабаңдан кеч десең, таштап кете турган адамды түшүнөбүзбү? Андан бөлөк «жапакеч»-боорукер,сылык, «кирекеч»-унаа менен адам, жүк ташуучулар дегендерди кандай түшүнсөк болот? Тиги орфографиянын «оозун жырамын» дегендерге жакынсыз, сурап көрбөйсүзбү, шартыңыз келсе…
Ал эми учурдан пайдаланып, Сиздин Руслан, жалпы жасап жаткан ишиңизге ыраазы болуу менен, ЫРАХМАТымды айтып калайын!Бар болуңуз!!!

Аким Михайлов пишет:
16.07.2013 в 05:52

Здравствуйте, я не могу найти тебя на Cardsapp, каково ваше CBN?

Aiman пишет:
02.10.2013 в 12:17

Кыргыз алфавитинин тарыхы жокпу?

Aiman пишет:
02.10.2013 в 12:18

Кыргыз тилинин алфавити жокпу?

Гулера пишет:
28.05.2014 в 03:14

Саламатсызбы, дилбаян деп бирге жазылып журуп эле байкасам эми дил баян болуп калыптыр коп жерлерде. Туурасы кандай болот?

Rahat пишет:
05.06.2014 в 03:13

Саламатсызбы мен диплом жазып жаткам анан темам кош создор кошмок создор деген информация абдан аз экен сизде жокпу аппак капкара жалт жулт деген

жазгул пишет:
05.06.2014 в 04:10

Саламатсызбы? Мен кыргызча эн туура жазам деп ойлогонум менен кээ бир создордун жазылышын биле албай калам.мисалы:Айран уюйун деп калды. деген суйломдо уюйун дегеним туурабы?же уююн болобу?йоттошкон тамгалар кабатталып келе береби?

Руслан Чодоев пишет:
09.06.2014 в 11:42

«Айран уйуюн деп калды» деген созду мен да билбейт экенмин.
Бирок Карасаевдин создугундо —
Карасаевдин Орфографиялык сөздүгүндө:
1. ую-
ую-, уюйт, уюу
деп жазылып турат. Демек уюйун (уюйт деген созду карасак) болушу мумкун.

Руслан Чодоев пишет:
09.06.2014 в 11:45

Rahat Саламатсызбы!
Интернетте коп эле материалдар бар. Издесенер табылат.

жазгул пишет:
11.06.2014 в 06:35

рахмат

элмира пишет:
21.10.2014 в 03:49

дефис деген созду кыргызчага которуп жазбайсынарбы

жазгул пишет:
17.01.2015 в 09:46

саламатсызбы Руслан Чодоев. Сизди тааныбайт экем.бирок томондогу форумчулардын айтымына караганда жогорку даражадагы эле адам окшойсуз. Туура жооп берипсиз коп суроолорго. Рахмат. Дайыма биз менен бирге болунуз. Сизге ишеним артабыз.

Руслан Чодоев пишет:
22.01.2015 в 10:36

Саламатчылык Жазгүл. Жазганыңызга рахмат сизге.

Алтынай пишет:
20.02.2015 в 09:21

РАХМАТ,МААЛЫМАТ АЛДЫМ.

Самара пишет:
13.03.2015 в 05:14

Саламатсыздарбы,

сан менен мучо кандай жазылат?
мисалы, саат 10го, 10дон кийин же 15тен кийин деген?
чогу 10го же 10 го 10 дон кийин же 15 тен деп жазылабы?

Руслан Чодоев пишет:
13.03.2015 в 07:32

мүчө сандан кийин чоогу жазылат.
саат 10го, 10дон кийин, 15тен деген туура,
же сандан кийин «-» болушу мүмкүн. Мисалы 1941-жыл.

Самара пишет:
13.03.2015 в 09:47

чооон рахмат

Айгул пишет:
02.04.2015 в 01:02

Саламатсызбы Руслан Чодоев! Сизден умутум чон.Кыргызча китепти Озбекче котортуп жатабыз. Жалал-Абад шаарын Жалолобод деп которуп коюптур. Бул туура эмес деп эсептейм. Сиздер кандай дейсиздер? Рахмат

Руслан Чодоев пишет:
08.04.2015 в 03:30

Айгүл саламатсызбы!
Бул боюнча фейсбукта (Кыпкыргызча) группасында да жазылган болчу. Бул жерде Жалолобод деп жазылганы которулбай эле өзбек орфографиясынын эрежеси менен жазылган болушу мүмкүн. Менин билишимче өзбекче О кыргызча А деген тамганын тыбышын берет.

Эржан пишет:
15.04.2015 в 02:26

Жасаган ишинизге чон рахмат..Мектеп чагымда «Кыргыз тилинин справочниги» деген китебим бар эле, кийин жоготуп алдым…Ошондой китептер азыркы учурда барбы? Болсо, атын, авторун айтып койсонуз! Ишинерге ийгилик!

Jamalidin пишет:
16.04.2015 в 04:56

Саламатсызбы, бей+адеп деген соз кантип жазылат

Руслан Чодоев пишет:
05.05.2015 в 05:49

Саламатсызбы Жамалидин, бейадеп деп эле жазылат менин оюмча.

Адилет пишет:
10.05.2015 в 12:37

саламатсызбы. санаарка деген создун мучосу кайсы болот? Ырка мучосу менен арка деген мучонун айырмачылыгы кандай колдонулат?РАХМАТ.

Айгул пишет:
11.05.2015 в 09:21

Рахмат Руслан жообунузга. Сизден жооп келгиче башка кыргыз тилчилерден сурап алгам. Алар дагы ошондой дешти. Кыргызстандын картасы да бар эле. Анда шаардын аттары ошол кыргызча бойдон озгортулбой жазылат деди.

темир пишет:
18.05.2015 в 01:55

Руслан арыба, саат кантип жазылат жардам берип койчу суранам, мисалы: 18 саат 30 мүнөт, же 18.30 саат, кыскартканда кандай болот М:18с.20м.? Ырахмат

Руслан Чодоев пишет:
19.05.2015 в 11:42

Темир, мисалы:
Сабак 18:30да башталат
Түшкү тамактануу убагы 12:00-13:00,
ж.б.

Mahabat пишет:
05.06.2015 в 02:34

саламатсызбы Кыргызтаным деген соз ташымалданабы

Руслан пишет:
10.06.2015 в 12:13

Ооба, Кыргыз-стан-ым деп ташымалдаса болот.

Жибек пишет:
10.07.2015 в 08:55

резюме кандай жазылат кыргызча вариянты алдын ала рахмат!

Гулмира пишет:
07.09.2015 в 11:15

Резюме кыргызча «Таржымал» болот

Гулмира пишет:
07.09.2015 в 11:19

Эмнеге «чоогу» деп жазып жатасыздар, туурасы чогуу да? Кызык!

Гүлназ пишет:
01.01.2016 в 05:30

Гүлмираныкы туура, «чоогу» эмес, «чогуу»

Мека пишет:
21.07.2016 в 04:32

Мектептин окуучусу — Айсулуу. Сызыкча туура коюлдубу же коюлбайбы

бекболот пишет:
30.10.2016 в 05:43

Саламатсызбы! Менде суроо. Коп жерде (жатам),кебир жерде (атам) деп жазылат. Мисалы: Мен талаада иштеп жатам.; Мен уйдо китеп окуп атам.
Негизи кандай жазылат?

Арзыкан пишет:
02.01.2017 в 11:45

Сиз озунуздун оюнузду «менимче»деп айтпай, тактап айтсаныз жакшы болмок. Кантсе да сизден тактоо максатында сурап жатышат. Сан боюнча,эгерде -ынчы мучосу менен айтылса,дефис коюлат. М:19-ноябрь. Рим цифрасында эч качан коюлбайт. Кыргыз тили созго бай. Ошол себептуу «жатам»,»атам» дегенди бирдей колдонуп журот,адабий тилде «жатам» толук турдуу каралат.

Арзыкан пишет:
02.01.2017 в 11:50

Ташымал ундууго карата болот. Ундууну калтырып ташымалданбайт. Вариянт эмес вариант болот. «Фефис»деген озунчо термин катары айтылат. «Сызыкча » да озунчо.

Абдурасул пишет:
05.09.2017 в 04:26

Менин билишимче, Кыргыз-стан-ым деп ташымалдаган туура эмес. Кыр-гыз-ста-ным десе туура болот…

Элиф пишет:
14.03.2018 в 08:20

Орфографиянвн 7 эрежесин ким билет айтып койо аласыздарбы

Саламатсызбы? Рахмат деген создун туура жазылышы кандай болот? Ырахмат же ыракмат пишет:
15.05.2018 в 07:57

Рахмат деген создун туура жазылышы кандай болот? Ырахмат деп жазылабы же ыракмат деп жазылабы?

Ажыбай пишет:
16.06.2018 в 01:00

Ассаламу Алейкум
Менде Windows10 64bit турат бирок уч тамганы чыгара албадым

Гулнура пишет:
18.08.2018 в 11:58

Жогору жакта көргөзулуп турат. Рахмат же ыракмат экөөнө тең жол берилет экен.

Динара пишет:
31.10.2018 в 12:24

Саламатсыздарбы. орус тилиндеги «поставить на учет» деген сөздүн кыргызчасы кандай болуп жазылат? «Атайы эсепке коюу» туурабы же «атайын эсепке коюу» туура болобу?

Руслан пишет:
31.10.2018 в 08:20

Каттоого коюу болушу мүмкүн.

Азиза пишет:
06.11.2018 в 07:37

Саламатсызбы мен китептерди окусам ырахмат деп турат ырахмат туурабы же рахмат

Руслан пишет:
12.11.2018 в 08:29

Туурасы «рахмат».

Нурзат пишет:
03.12.2018 в 06:23

Саламатсызбы?! Кыргыз Эл акыны, КРдин Эл артисти — ушул жазылгандар туурабы?

Руслан пишет:
03.12.2018 в 11:45

Нурзат,туура эле. КРнын Эл артисти десе да болот.

Азамат пишет:
24.12.2018 в 09:47

Саламатсыздарбы, кат жазууда сүйлөм ортосунда жазылган «Сизге» деген сөз баш тамга менен жазылабы же кичине тамга мененби?

Руслан пишет:
24.12.2018 в 09:57

Кичине тамга менен деле боло берет.

Майрыкова Нуругул пишет:
09.01.2019 в 07:04

Саламатсызбы. Эмне себептен Ысык-Көл бир «с» менен жазылып жүрөт, ушуну түшүндүрүп бере аласызбы? «ыссык»-деген сөз эки «с» менен жазылат эмеспи (ошондой эле көлдүн атынын мааниси ушул сөздөн алынган да). Бүгүн дипломдун темасын бекиткенде талаш пайда болду. Биз талашып Президентин сайтына, stat. kg сайтына кирсек барынан мени таң калтырганы орусчасында эки «с» менен Иссык-Куль деп, кыргызчасында бир «с» менен Ысык-Көл деп жүрөт. Башынан туура жазылса калганы ошону улайт эмеспи. Алдын ала ыракмат.

Руслан пишет:
21.01.2019 в 10:38

Нуругүл саламатсызбы!
Ысык-Көл деген — ысык (жылуу) көл дегенден пайда болгон. Ысык деген сөз бир эле «с» менен жазылат, окулушу боюнча балким эки «сс» сыяктуу угулат. Орусчасында кандай жазылганы ал орус тилинин мыйзамына ылайык жазылган, ага карабагыла.

Атыргул пишет:
14.02.2019 в 11:52

Саламатсызбы! Кыргыз тилинде ашканага койгон соок чакан такталарга, кыргызча соок эттер учун деп жазылабы же. Эт, сооктор учун туурабы кенеш берип коюнчу сураныч?

Эрлан пишет:
22.03.2019 в 12:37

Саламатсызбы? Итпизда деп жазылабы, же итбиздабы. Жана деппи же депби

Руслан Чодоев пишет:
30.03.2019 в 09:33

«Итпиз да» деп жазылат. Аткени «Ит» деген сөздө «т» каткалаң, демек «биз» деген мүчө «пиз» деп өзгөрүлөт.
Деппи — туура. Себеби «п» тамгасы каткалаң, демек «би» деген мүчө «пи» мүчөгө өзгөрөт.

Гүлзада пишет:
05.04.2019 в 11:59

Саламатсызбы! Ишиңизге ийгилик, кыргыз тилинин өнүгүшүнө зор салым кошуп келе жатасыз. Кыргыз тилиндеги сөздөрдү компьютерге терүүдө жеңилдетилген программа барбы? Мисалы, эгерде мен мамлекет деген сөздү комьпютерге жазышым үчүн, «ма» же «мам» деп тергенден кийин дароо эле мамлекет деген варианты чыгып, аны ентер аркылуу автоматтык түрдө киргизиүү үчүн. Уюлдук телефондо, мисалы, ватсапта жазганда чыгат эмеспи, ошол сыяктуу. Жообуңуз үчүн алдын ала ырахмат!

Руслан пишет:
11.05.2019 в 05:48

Гулзада саламатсызбы! Тилекке каршы андай программа жок. Элдин көбү эле Word менен колдонот да. Ворддун өзүндө андай жеңилдик жасалган эмес. Аны кошуу же макрос аркылуу же плагин кылып жасаш керек го деп ойлойм. Бирок жасаганда деле мисалы «ма» деген сөзгө аябай көп вариант болушу мүмкүн, мүчөлөрүн улаганда миңден ашып кетет. Ошонун ичинен керектүүсүн табуу да кыйын болуп калат колдонуучуга.

Уулкан пишет:
19.05.2019 в 11:05

Саламатсыздарбы!) Мисалы: Жанылыкты айтып коеюн (койоюн) Деген создо кайсы бири туура жазылган? Койоюн иои коёюн? Рахмат чоон.

Руслан пишет:
23.05.2019 в 06:02

Саламатчылык.
Коёюн деген туура. Койоюн,койойун — туура эмес.
Бул жерде «койойун» — йо->ё йу->ю га алмашат да коёюн болуп жазылат.

Эля пишет:
31.07.2019 в 10:15

Саламатсызбы,жылмайуу туурабы же жылмаю.
Рахмат

Руслан пишет:
02.08.2019 в 09:38

Эля,саламатсызбы!
Азыркы эреже боюнча «жылмаю» деп жазылганы туура.

Назгул пишет:
03.09.2019 в 08:18

Саламатсыздарбы Мага жардам керек.Класстык журналда предметти аталышы деген графа бар Мен ошол создон кийин мен кыргыз тили же математика деп жазышым керек . Ошондо Мен ошол создорду кичине тамга менен жазышым керекпи же чонбу

Руслан пишет:
03.09.2019 в 03:11

Чоң тамга менен жазылат го деп ойлойм, анткени жаңы сап менен башталып жатпайбы.

Мисалы:
Предметтин
аталышы:
Кыргыз тили
Математика
Орус тили
Жат жазуу

Жазгул пишет:
22.11.2019 в 01:52

Саламатсыздарбы ташымалдооодо создун ташылып жаткан болугу унсуз тамгадан башталыш керек да ээ? же жогоруда опечатка болуп калганбы?

Темирлан пишет:
15.02.2020 в 02:03

Жалан чон тамгалар менен кайсыл создор жазылат.мисилы КАРА-КУНГОЙ деп пайдалана берсе болобу же созсуз Кара-Кунгой деп жазылыш керекпи .деги эле чон тамгалар менен кайсыл убакта жазган ката же туура эмес болуп эсептелет

Умутай Абдрахманова пишет:
16.05.2020 в 07:13

Саламатсызбы?»Область» кыргызча кандай жазылат?Копчулук «Облусу» деп деп жазып журот.Кайсыл варианты туура?

Пост пишет:
29.05.2020 в 09:08

Кутмандуу күн! Саламатсыңарбы, балдар? болобу же Саламатсыңарбы, балдар? Кайсы белги коюлганы туура болот?

Пост пишет:
29.05.2020 в 09:09

Кутмандуу күн! Саламатсыңарбы, балдар? болобу же Саламатсыңарбы, балдар! Кайсы белги коюлганы туура болот?

Руслан пишет:
08.06.2020 в 09:16

Умутай — Областы, облусу деп жаза берсе болот.

Руслан пишет:
08.06.2020 в 09:18

Саламатсыңарбы балдар? утурдун кереги жок го.

Ырысбай пишет:
17.07.2020 в 09:18

Саламатсызбы, мындай суроо: Буйурса болобу же буюрса болобу? Жана эмнеге? Буйрук деген сөздөнбү же буюруу деген сөздөнбү?

Руслан пишет:
26.07.2020 в 07:10

Ырысбай саламатсызбы!
Бюрса деген туура (йоттошкон тамгалардын жазылуу эрежесине ылайык).

Айгерим пишет:
16.09.2020 в 07:38

39 тыбышты чыгарып бере аласыздарбы?

Айгерим пишет:
16.09.2020 в 07:39

Саламатсызбы 39 тыбышты чыгарып бере аласыздарбы?

Руслан пишет:
18.09.2020 в 11:58

https://tamgasoft.kg/kyrgyz/ru/13

1-§. Кыргыз адабий тилинде отуз тогуз тыбыш бар: он төрт үндүү, жыйырма беш үнсүз. Үндүүлөрдүн сегизи — кыска: а, э, о, ө, ы, и, у, ү; алтоо — созулма: аа, ээ, оо, өө, уу, үү; жетөө — жоон: а, аа, о, оо, ы, у, уу; жетөө — ичке: э, ээ, ө, өө, и, ү, үү. Үнсүздөрдүн алтоо — уяң: м, н, ң, р, й, л; сегизи — жумшак: б, в, д, ж, ж, з, г; он бири — каткалаң: п, ф, с, ш, щ, ч, х, к, к, т, ц.

Марина пишет:
13.10.2020 в 12:29

Саламатсызбы!Кайсыны туура?
Таята,таене
Тайата,тайэне

Руслан пишет:
13.10.2020 в 10:54

Карасаевдин орфографиялык сөздүгүндө:
таята, тай ата

1. тай
тай (тууган)
тай аке, таяке
тай ата, таята
тай эже, таеже
тай эне, таене

Тахмина пишет:
23.10.2020 в 09:19

Саламатсызбы тыныш белгилери боюнча маалымат берип коё аласызбы. Мисалы:тол жана ботон создордо кантип тыныш белгилери коюлат. Рахмат

Айпери пишет:
28.10.2020 в 09:33

Тайэне болуп жазылабы же таене болуппу?

Руслан пишет:
28.10.2020 в 07:46

Таене болуп жазылат.

Айпери пишет:
29.10.2020 в 07:57

Кайын ата болобу кайната болобу

Зуура пишет:
16.11.2020 в 09:23

Айта албайт,сары ала деген эки соз арасында унду тыбыш айтылышы жана жазышы

Зуура пишет:
16.11.2020 в 09:26

Жолсуз,белгисиз деген создордо озгоруп жазылган тыбыштар

Руслан Чодоев пишет:
07.12.2020 в 06:16

Айта албайт же айталбайт деп жазылат берет.

Карасаевдин сөздүгүндө:
Сары ала деген туура, сарала туура эмес

Руслан Чодоев пишет:
07.12.2020 в 06:41

https://tamgasoft.kg/orfo/index.php?mode=word
бул жерде Карасаевдин орфографиялык сөздүгү жайгашкан. Көп сөздөрдү текшерип алсаңыз болот.

Анара пишет:
15.02.2021 в 02:21

10 смби же 10 см би? Кайсынысы туура?

Гульжахан пишет:
26.03.2021 в 09:26

Yandex Go до болобу же Yandex Go’do бу?

Айжан пишет:
30.05.2021 в 11:24

Саламатсыздарбы

Ата журт, Ата-Журт, Ата Журт — кайсынысы туура ?

Руслан Чодоев пишет:
31.05.2021 в 08:56

Карасаевдин сөздүгүндө — «ата журт» деп жүрөт

Алмазбек пишет:
20.01.2022 в 03:18

Саламатсызбы менде Суроо бар. Ракмат деп жазылат жазуу иретинде. а бирок рахмат деп айтылат. ушуну билем бирок аныктамасын билбей жатам сураныч жардам берип коесузбу???

Гулзат пишет:
08.02.2022 в 11:51

Саламатсызбы кичирайон чогуу жазылабы же озунчо жазылабы? Кичирайон деген созду эгерде кыскартып жазсак кандай жазылат? Мисалы орусча мкр деп жазылат. А кыргызчасында кандай болот? к/р деп болсом туурабы же к-р деп жазылабы?

Эльмира пишет:
15.03.2022 в 11:00

Иреттүү болобу же ирээттүу болобу?

Зарина пишет:
13.07.2022 в 10:26

Саламатсызбы, кыргыз тилинде область жана облус сөздөрдү жазууда экөөнө тең жол берилеби?

Зарина пишет:
13.07.2022 в 01:00

иреттүү болот

Калбу пишет:
25.10.2022 в 08:15

Салам ! УШУНДАЙ создорду и видеолорду чыгарып тургула сураныч кыргыз тилин унутуп калбайлы

Максат пишет:
26.01.2023 в 02:38

Саламатсыздарбы, Амандын кой + у жоголуптур. туура жазылышы кою болобу же койу болуп калып кетеби? эрежелерге шилтиеме кылып айтып коесуздарбы, рахмат

Данияр пишет:
07.02.2023 в 11:42

Керекпи болобу же керекби

Руслан Чодоев пишет:
08.02.2023 в 02:42

Керекпи
Анткени керек деген создогу «к» каткалан болгондуктан «пи» деген мучо уланат.

Руслан Чодоев пишет:
08.02.2023 в 02:46

«Амандын кою жоголуптур» деп жазылат

Эрежени карасак ал жерде жазылган:

16-_. Кыргыз тилинде ю тамгасы төмөнкү учурларда колдонулат:
1. Уңгу сөздөрдө ю й+у тамгаларынын ордуна жүрөт: куюн, оюн, уюм, чоюн.
2. Аягы й менен бүткөн сөздөргө таандык мүчөлөр же -ын, -ыл, -ыш сыяктуу үндүү менен башталган мүчөлөр уланганда тыбыштык йу айкалышы ю тамгасы менен берилет: кой+ым — коюм, кой+ын — коюң, той+ын — тоюн, сой+ыш — союш ж.б.
3. Аягы й тыбышы менен бүткөн сөздөрдөн кийин созулма уу мүчөсү келген учурларда, алардын айкалышы -йуу түрүндө жазылбастан юу түрүндө жазылат: кой+уу — коюу, сой+уу — союу ж.б.

Анара пишет:
01.03.2023 в 02:54

Башкармалык деген сөз чон тамга менен жазылабы? Мисалга, КР УКМК Ысык-Көл облустук башкармалыгынын башчысы деген жерде башкармалык кичинекей менен жазылабы же чонбу?

Шералы пишет:
06.01.2024 в 09:06

Жокпу сөщүн туура жазылышын айтып коюңуздар. Жокпу деп жазылабы, же Жокбу деп жазылабы?

Шералы пишет:
06.01.2024 в 09:08

Жокпу сөзүн туура жазылышын айтып коюңуздар. Жокпу деп жазылабы, же Жокбу деп жазылабы?

Курсан пишет:
15.01.2024 в 08:51

Саламатсызбы Таянч созу кыргыз тилинде кандай туура жазылат Таянч же Таяныч?

Бекжан пишет:
16.03.2024 в 04:01

Айран уююн деген кандай жазылат

 

Оставьте комментарий