|
жергиликтүү
|
|
сын.. 1. Ушул жерлик, ушул жерде мурдатан туруктуу жашап келген, башка жактык эмес. Жергиликтүү эл. Жергиликтүү жашаган калктар.
- 2. Жалпы мамлекеттик эмес, белгилүү территорияга, районго таандык, ошол территорияга тиешеси бар. Эмгекчилер депутаттарынын жергиликтүү советтери. Жергиликтүү бюджет.
- 3. Башка жактан алынып келбеген, ушул жердин өзүндө өндүрүлгөн, даярдалган, ушул жерде мурдатан бар болгон. Жергиликтүү продуктылар. Жергиликтүү товарлар. Жергиликтүү өнөр жай.
- 4. Белгилүү бир жайга, жерге, шартка таандык, мүнөздүү болгон, ошого ылайыкташылган. Жергиликтүү шарттар.
|