РЕКВИЗИЦИЯ (лат. requisitio – талап) – 1) КР жарандык мыйзамдарында мамлекеттик органдардын чечими боюнча мыйзамда белгиленген тартипте жана шарттарда менчик ээсине мүлктү базар баасын төлөп берүү менен коомдун пайдасына мүлктү алып коюу жолу аркылуу ээлик кылуу укугун токтотуунун негиздеринин бири. Р. табигый кырсыктардын, кыйроолордун, эпидемиялардын, туташ мал ылаңдарынын учурларында жана башка өзгөчө кырдаалдарда колдонулат. Мүлкү реквизацияланган адам Р. жүргүзүлгөн шарттардын аракети токтотулганда сот аркылуу сакталып калган мүлктөрүн кайтырап берүүнү талып кылууга укуктуу; 2) эларалык укукта каршы мамлекеттин аскери тарабынан пайдалануу үчүн аркыл мүлк түрлөрүн кайра кайтарып берүү негизинде зордоп тартып алуу. 1907-жылкы кургакта согушуунун мыйзамдары жана каадалары жөнүндөгү Гаага конвенциясына ылайык Р. басып алуучу армиянын муктаждыктары үчүн гана жүргүзүлүшү мүмкүн жана дегеле согушуп жаткан мамлекеттин керектөөсүн камсыз кылуусу керек эмес. Эларалык укук (м.: дипломаттык мамилелер жөнүндө 1961-жылкы Вена конвенциясы) дипломаттык жана консулдук өкүлчүлүктөрдүн мүлктөрүн согуштук жана коомдук муктаждыктар үчүн Р-го тыюу салат.
Дополнительные операции по выбранной словарной статьей
Хотите добавить эту статью в свои закладки? Добавить в мои закладки Вы должны войти чтобы система запомнила Ваши закладки. Закладка добавлена.
Копировать ссылку на перевод на этом сайте. Ссылка будет выглядеть как Реквизиция
HTML ссылка :
Ссылка:
Если обнаружилиошибкуили неточности в словарной статье сообщите нам. Это поможет улучшить Эл-Сөздүк.
32Текст сообщения:
Контрольный вопрос (что вы не робот):Сколько будет 4 х 8? Ответ:
Отправить