-
бөксө
-
сын. 1. Толтура эмес, толук эмес, толо эмес. Каныбек чоң аякка бөксө сорпону өзү көтөрүп,.. Жумага карай жөнөп калды (Жантөшев). Бийлетмек үчүн сиз мага аякты бөксө сунуп кезек бердиңизби? (Сыдыкбеков). - 2. Тоо этектери; жапыз, жалпак тоонун үстү. Кыштактын бир учу түштүк тарапка чоюлуп кетсе, бир учу бөксө тоонун этегине чейин барат (Таштемиров). [Колхоз].. кызыл топурактуу бөксөнүн этегинде («Ала-Тоо»).
- 3. Бир нерсенин этек жагы, ылдый жагы. Айбанбоз менен калкылдап, Ак күбө тондун бөксөсү, Суу болуп шалпылдап («Манас»).
Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
бөксө