Меню
Эл-Сөздүк

Позвонки

(анат.) омурткалар; омурткалуу айбандардын денесинин ок скелетин түзүүчү сөөк же кемирчек нерселер. П. амфицельные — к. Позвонки двояковогнутые; п. грудные (анат.) — жетим аркалар, кабыргалардын башы бекий турган аркалар; п. г. Сращенные (морф.) — туташкан жетим аркалар, мисалы, куштардын жетим аркалары биригишип, бир сөөктөй болуп калган; п. двояковогнутые (морф.) — эки башы чуңкур омурткалар, денесинин омурткалар менен уланышаар беттери оюк, чуңкур омуртка; п. задневогнутые (морф.) — арты чуңкур омурткалар, денесинин арткы омурткага уланышаар бети оюк, чуңкур, алдыңкы бети дөмпөк омуртка; п. крестцовые (анат.) — куймулчак омурткалары, куймулчак сөөгүн түзүүчү омурткалар; желиндүү айбандарда бир нече (бешөө) омуртка туташып калган; п. поясничные (анат.) — бел омурткалары, накта омурткалар, капталурчуктары канат сыяктуу омурткалар, жетим аркалардан кийин, куймулчактан алдыда жатышат, буларды кыргызда омуртка деп аташат; п. туловищные (анат.) — тулку омурткалары; биринчи жетим аркадан акыркы бел омурткасына чейинки омурткалар; п. хвостовые (анат.) — куйрук омурткалары, куйрукту түзүүчү арткы омурткалар; п. шейные (анат.) — моюн омурткалары, моюндун түркүгүн түзүүчү омурткалар.
Перевести через онлайн Переводчик

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: