|
Мозг головной
|
|
(анат.) мээ; айбандардын борбордук нерв системасынын башсөөктүн кутусунда жаткан эң жогорку бөлүгү. М. задний — к. м. продолговатый; м. костный — жилик чучугу, жиликтердин ичиндеги көңдөйлөрдө жаткан майлуу ткань; м. костный красный — жиликтин кызыл чучугу, жиликтин ичиндеги көңдөйлөрдө жана кемиктин уюкчаларында жаткан майлуу кызыл ткань; м. передний — алдыңкы мээ, көпчүлүк омурткалуу айбандын мээсинин эң алдыңкы бөлүгү, ушундан желиндүү айбандардын чоң жарты шарлары өсүшөт; м. продолговатый — сүйрү мээ, мээнин жүлүнгө өтүүчү учу; м. промежуточный — кепил мээ, алдыңкы мээ менен ортоңку мээнин астыңкы бетинен орун алган мээ сөңгөнүнүн бир бөлүгү; м. спинной — жүлүн, мээнин омуртка тутумунун ичиндеги каналда жаткан уландысы; м. средний — ортоңку мээ, алдыңкы мээнин артында, каракуш мээнин астынан орун алган мээ сөңгөгүнүн бир бөлүгү.
|