Меню
Эл-Сөздүк

М.К.Мадумарованын 13.00.02–оку

М.К.Мадумарованын 13.00.02–окутуунун жана тарбиялоонун теориясы менен методикасы (кыргыз адабияты) адистиги боюнча «ЖОЖдордо Манас таануу курсун тарых предмети менен интеграциялоонун илимий-методикалык негиздери» аттуу диссертациялык эмгегинин
РЕЗЮМЕСИ
Түйүндүү сөздөр: интеграция,,предметтер аралык интеграция; предмет ичиндеги интеграция, интеграциялап окутуу, Манас таануу предметин интеграциялап окутуу, интеграциялоонун мазмуну жана критерийлери, интеграциялык сабактын модели, моделдерди жүзөгө ашыруунун технологиялары.
Изилдөөнүн максаты: Жогорку окуу жайларында Манас таануу предметин тарых предмети менен интеграциялап окутуунун теориялык жана методикалык негиздерин аныктоо, аталган предметтерди ЖОЖдордо окутууда мазмундук жактан интеграциялап үйрөнүүнүн методикалык системасын түзүү.
Изилдөөнүн милдеттери:интеграциялап окутуунун тарыхын, дүйнөлүк тажрыйбасын жана анын студенттердин таанып-билүүсүн өнүктүрүүдөгү маани-маңызын, интегрциялоонун түзүлүшүн изилдеп үйрөнүү жана жалпылоо; Кыргызстандын ЖОЖдорунун шартында Манас таануу жана тарых предметтерин интеграциялап окутуунун теориялык негиздерин, интеграциялап окутуунун дидактикалык мүнөздөмөсү менен критерийлерин аныктоо жана аларды илимий жактан негиздөө;Манас таануу жана тарых предметин ЖОЖдордо интеграциялап окутуунун мазмунун, бирдиктүү системасын, методикалык моделин, формалары менен методдорун иштеп чыгуу жана аны жүзөгө ашыруунун технологиясын иштеп чыгуу; предметтер аралык интеграциянын мүмкүнчүлүктөрүн, алардын эффективдүүлүгүн арттыруучу каражаттарды табуу жана алардын натыйжалуу жактарын ЖОЖдордо Манас таануу предметин окутуу тажрыйбасында колдонуп, практикада сыноо.
Изилдөөнүн обьектиси: ЖОЖдордо Манастаануу предметин тарых предмети менен интеграциялап окутуу процесси.
Изилдөөнүн предмети: «Манастаануу» предметин тарых предмети менен интеграциялап окутуунун методдору жана ыкмалары.
Изилдѳѳнүн илимий жаңылыгы: Манас таануу курсун кыргыз элинин тарыхы менен интеграциялап окутуунун мазмуну жана аны аныктоонун критерийлеринин, аталган предметтерди интеграциялап окутуунун илимий-методикалык моделинин иштелип чыгышы жана аны жүзөгө ашыруунун технологиясынын, тарых менен Манас таануу предметтерин интеграциялап окутуу аркылуу студенттердин чыгармачыл ишмер аракеттерин бирдикте өнүктүрүүнүн натыйжалуу жолдорунун практикага сунушталышы.
Изилдөөнүн жыйынтыктардын практикалык мааниси: Изилдѳѳбүздѳн келип чыккан илимий-методикалык сунуштарды ЖОЖдордогу Манас таануу предметинин жумушчу программаларын, окуу китептерин, усулдук колдонмолорду түзүүчүлѳр, методист-окумуштуулар жана мугалимдер пайдалануу менен сабактардын сапатын жогорулатууга жардам берет деген ойдойбуз.

Добавлен пользователем Ainuru Jolchieva от:2015-05-12 20:55:18.
Перевести через онлайн Переводчик

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: