Меню
Эл-Сөздүк

өтүмдүүлүк (ликвиддүүлүк)

  • liquidity
  • liquidity position
  • Перевести через онлайн Переводчик

    Котормолордун мисалдары: өтүмдүүлүк (ликвиддүүлүк)

    Кыргызча Англисче
    Банктар ортосундагы өтүмдүүлүк; банк ресурстары. Inter-bank Liquidity; Bank Reserves
    18. Банктар ортосундагы өтүмдүүлүк; банк ресурстары 18 Inter-bank Liquidity; Bank Reserves
    Экинчи чейрек ичинде саясий окуялардын кесепеттеринин натыйжасында банк системасындагы өтүмдүүлүк олуттуу төмөндөөсү жүргөн. Significant decrease of the liquidity in the banking system was registered in the second quarter as a result of recent political events.
    экономикалык ченемдер (капиталдын шайкештиги, бир карыз алуучуга карата насыянын максималдуу өлчөмү, өтүмдүүлүк жана башкалар); other economic norms (capital adequacy, maximum loan size per borrower, liquidity, etc.).
    Негизи, эл аралык каржы көйгөйү тууралуу кеп кылганда, “өтүмдүүлүк” жок же “резервдер” жетиштүү эмес деген жоопту угууга болот. When one talks about an international monetary problem, one says there is not enough “liquidity,” not enough “reserves.”
    Ликвиддүүлүк деңгээли боюнча классификацияланган акча массасынын аныктамасы: М0; М1; М2; М2Х. Ар бир өлкөдө акча топтомдорун аныктоонун өз алдынча критерийлери колдонулат.
    Рыноктук ликвиддүүлүк аспектилеринин бирин мүнөздөгөн жана рыноктун баага олуттуу таасир этүүсүз эле, сатып алуу-сатуу операцияларынын ири көлөмүн жүзөгө ашыруу жөндөмдүүлүгүн чагылдырган көрсөткүч.
    Ар кандай мамлекеттик комитеттердеги профессорлор жана ар түрдүү борбордук банктардын өкүлдөрү айрым учурларда банктар ортосундагы өтүмдүүлүк деп каралган, же, банк ресурстарына байланышкан көйгөйдүн үстүндө иштешет. Various government committees of professors and representatives of various central banks are studying a problem sometimes referred to as that of inter-bank liquidity, or as the problem of bank reserves.
    Экинчи чейрек ичиндеги банк системасындагы өтүмдүүлүк деңгээлинин төмөндөгөнүнө карабастан, жалпысынан алганда, биринчи жарым жыл ичинде коммерциялык банктардын үстөк камдарынын күн ичинде орточо алынган көлөмү жетишээрлик жогорку деңгээлде болгон. Though the liquidity level in the banking system decreased in the second quarter, generally, for the first half year, the average daily volume of excess reserves of commercial banks remained relatively high.
    Контрагенттин сапатына, контрагент өлкөнүн экономикалык абалына жана финансы рынокторундагы өзгөрүүлөргө байланыштуу орун алышы ыктымал болгон жоготуу тобокелдиги. Финансылык тобокелдик кредиттик тобокелдик, рыноктук тобокелдик жана ликвиддүүлүк тобокелдиги болуп бөлүнөт.
    Бул, кеңири колдонулган көзөмөл системасы, мында банктардын туруктуулук көрсөткүчтөрү төмөнкүдөй алты категорияга бөлүнөт: 1) С (Capital) – өздүк капиталдын жетиштүүлүгү; 2) А (Asset) – активдердин сапаты; 3) М (Management) – ишенимдүү башкаруу; 4) Е (Earnings) – пайда алуу; 5) L (Liquidity) – ликвиддүүлүк;
    6) S (Sensitivity) – рыноктук тобокелдүүлүккө дуушарлануу ыктымалдуулугу.
    Төлөм системасы, анда:
    1) операциялык жана техникалык себептерден улам үзгүлтүктөр орун алган учурда, банк тутумунда жана (же) финансы системасында олуттуу тобокелдиктер келип чыгышы ыктымал;
    2) катышуучулардын биринин төлөөгө жөндөмсүздүгү башка катышуучуларда да ликвиддүүлүк тобокелдигинин келип чыгышына жана
    «домино эффектисинин» түптөлүшүнө алып келиши мүмкүн, бул да улуттук финансы системасын олуттуу тобокелдиктерге дуушар кылышы ыктымал.
    1) Финансылык активдин мүнөздөмөсү жана ал нак акчага аны которууда келип чыккан чыгымдарды чагылдырат; 2) финансы рыногунун өнүгүү деңгээлин чагылдырган мүнөздөмө. Ликвиддүү рынок операциялар көлөмүнүн жогору экендиги, баа туруктуулугу, спрэд деңгээлинин салыштырмалуу төмөндүгү менен мүнөздөлөт; 3) уюмдун өзүнүн утурумдук милдеттенмелерин (төлөмдөрүн) тейлөө жөндөмдүүлүгү; 4) финансы-кредит мекемелеринин, корпорациялардын, акча рыногунун же капитал рыногунун, улуттук экономиканын ичиндеги же дүйнөлүк экономикадагы нак акча каражаттары; 5) активдерди тез арада жана анын баасына олуттуу таасир этпестен, ири көлөмдө сатып алуу же сатуу мүмкүнчүлүгү. Инструменттерге карата алганда, ликвиддүүлүк дегенден улам, наркынан олуттуу жоготууларсыз активдерди нак акча каражатына тез айлантуу мүмкүнчүлүгүн түшүнүү зарыл.

    Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: