Menü
Эл-Сөздүк
Перевести через онлайн Переводчик

Примеры переводов: төлөөчү

Kırgız İngilizce
Төлөм документи (кагаз жүзүндөгү/электрондук), ага ылайык банк, эгерде келишимде башкасы каралбаса, төлөөчүнүн тапшыруусу боюнча анын эсебиндеги каражаттардын эсебинен акчанын белгилүү бир суммасын төлөөчү тарабынан көрсөтүлгөн алуучунун ошол банктагы же башка финансы-кредит мекемесиндеги эсебине мыйзам актыларында каралган мөөнөттө которууга милдеттүү болот.
1) Системанын каттодон өткөрүлгөн катышуучусу, ал кардардын көрсөтмөсү боюнча акча каражаттарын бул банкта ачылган анын эсебинен акча каражаттарын алуучунун эсебине которууну жүзөгө ашырат.
2) Аталган алуучудан тике дебеттөө формасындагы төлөмдөрдү өткөрүүгө төлөм документтери келип түшкөндө төлөөчүнүн банк эсебинен акча каражаттарын алып салуу аркылуу тике дебеттөө формасында төлөмдөрдү өткөрүү жөнүндө төлөөчү менен макулдашма (келишим) түзгөн төлөөчүнүн эсеби ачылган банк.
1) Бул мобилдик телефонду пайдалануу менен төлөмдү жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгү, ал төлөөчүнүн байланыш операторунда жайгаштырылган акча каражаттары аркылуу жүзөгө ашырылат. Мында төлөөчү уюлдук телефонунда операцияларды (конклюденттик иш аракеттер) ишке ашыруу менен мобилдик оператордогу өздүк эсебинен акча каражаттарын алдын ала банкка которот.
2) Алуучунун жана/же чекене агенттин пайдасына товарлар/кызмат көрсөтүүлөр үчүн эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн SMS/USSD-билдирүүлөр аркылуу уюлдук телефондун жардамы менен кардардын эсебинен акча каражаттарын алып салуу жөнүндө кардардын демилгесинин негизинде банктын буйруусу.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: