ЭШМЕЧИЛИК |
Эшменин үч түрү бар. Жалаң жүндөн эшилүүчү жипшууларга боз үйдүн: «уук боосу», «түндүк боосу», «туурдук боосу», «үзүк боосу» анан «кырчоосу» сыяктуулар кирет. Жалаң кылдан көбүнчө «чылбыр», «аркан» эшилет. Анан кылга жүндү бөлөп, «желе» кулун-тайга «нокто», козу-улакка «көгөн» эшишкен. Кап, баштык, уук боолору да ошондой эшилген. Кыргыздын кылчык койлорунун жүнү эшмечилик үчүн негизги жердик болгон. |
Получить все переводы слова - "ЭШМЕЧИЛИК" по направлению Кыргызский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "ЭШМЕЧИЛИК" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "ЭШМЕЧИЛИК"?
Ввойти