Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - ЖҮГӨН
  • жүгөн
  • жүгөндө
  • жүгөндө-
  • жүгөндөл-
  • жүгөндөлүү
  • жүгөндөө
  • жүгөндөт
  • жүгөндөт-
  • жүгөндөтүү
  • жүгөндөш
  • жүгөндүү
  • жүгөнсүз
 

ЖҮГӨН

 
«Укурук салбас азоолор, жүгөндөп минсең көнүгөт» (Токтогул). Бул — ат жабдыктарынын бир бөлүгү. Жылкынын башына катылат. Ат жабдыктарынын өлчөмү ар кандай болот. Орточо жүгөндү колдон чыгаруу үчүн анын тумшугунун эки жагы 16 смден — 32 см, эки «ооздук» келүүчү жери 6 смден 12 см, жүгөндүн «оң жаагы» 33—35 см., «сол жаагы» 80—82 см., «сагак» 40—42 см, «сагакты илүүчү жери 14. см. болушу тийиш. Мында ат жабдыктык кайыштын жазылыгы көмөлдүрүк, коюшкан үчүн да бирдей 2—2,5 см. болуп тилинет.
      Күмүш чабылган жабдыктарындагы (көмөлдүрүк, куюшкан үчүн да) кайыш, булгаарынын жазылыгы менен жез, мис чөгөрүлгөн жабдыктардын эни бирдей эмес. Мисалы, азыр чеберлер жүгөнгө, көмөлдүрүккө, куюшканга жез чөгөрүүдө. Ошондо орточо жүгөндүн жаагы 52 — 54 см. мунун тумшугу 42—44 см. болушу керек. Кайык да, өрүм да ыкмасы менен бүткөн ат жабдыктарынын негизги бөлүктөрүнүн (жүгөн, көмөлдүрүк, куюшкан) жазылыгы үч см. ден ашпоого тийиш.
      Ооздук эки бөлүктөн турат да, эки чагамагы «жүзмө» аркылуу кайышка тутумдашат. Чагарактын айланасы 260° болуп, ооздуктун жагалмай канаты 9 см. келет. «Жүзмө» бекиген ушундай чагармагы бар шакекче аркылуу бири-бирине илише бекип, ойдогудай элпек кыймылга келип турган кош темир. Жүгөндүн башынын өлчөмүнө карай узартылып жана кыскартылып турат.
      Кыз-келиндер токуна турган ат жабдыктарынын бөтөнчөлүктөрү өзүнөн-өзү кашкайып турат. Андай өзгөчөлүктөрдү атка катылган жүгөндөрдөн айрыкча баамдайбыз. Азыркы усталардын колунан тамган ат жабдыктар негизинен эркектерге таандык болуп эсептелет. Жүгөндөрдүн маңдайында «купасы» (көрчөгөсү) анын астында чачылары бар. Бул ушул эле жөнөкөй көрүнүшү аркылуу купулга толот.
      Илгери көчмөңдүү турмушта кыз-келиндерибиз катынуучу жүгөндөрдүн тумшугу кадимкидей конус кейиптенген кичинекей күмүш калакчалары менен майда зымчалардан турган чачылары бар элечектин кыргак сымал шөкөттөрү тартылат. Аны ар бир зергер өзүнүн учкул «кыял» чабыттары менен таң калаарлык даражага жеткендей көркөмдөгөн. Жүгөндүн мындай көркөмдөлгөн тумшугу аттын чекесинен кыргакталып, эки кулактын ортосу аркылуу кежиге менен бириккен.
      Шөкөттөргө айнек, асыл таштар чөгөрүлөт. Күмүш «топчулардын» беттерине «себет» төгүшөт. «Чапкылоо ыкмасы» менен из түшүрүшөт. Ал кооз оюм-чийимдер кайберендердин сөлөкөттөрү кейиптенет. «Бугу мүйүз», «марал мүйүз», «кулжа мүйүз», «куш канат», («ит куйрук»), «түлкү куйрук» өңдөнүп, күмүштү көркөмдөө өнөрүнүн жогорку четине жетет. Жүгөндүн маңдайында, эки жаагындагы купа томпоктоло кыр чыгарыла чабылат. Буюмдун маңдай «купасынын» төмөнкү четинде 6,5—7,5 см, чачы үстүндө үч см. «жүрөкчө» болот.
      Жүгөндүн эле өзүндө бир нече бөлүктөрү бар. Тумшук, сагак, эки жаактан турат. Өрүмчүлөр буларды бири-бирине тутумдаштырууда «Тээк» (эки жыгач) коюп, өрүп кетет. Буга «тээк» коюп отурбай, өз ичинен эле өрүм чыгарып, өрүп кетүүгө да болот. Булардын ортолоруна «Тээк» коюлгандыктан катуу кайыштын өрүм аралары бошураак көрүнсө сүткө же сууга салып өрүлгөн. Муну кургак өрүүгө болот. Себеби, антпесе заводдун кайыш өрүмү өтө катуу болуп калат.
      Тизгин — «Окуроо түйгөн ак тизгин, Кош колунда карышып» («Манас»). Бул — жүгөндүн бир бөлүгү. Мингичти башкаруу үчүн ак кайыштан эни 1,5—2 см дей, узуну 225—240 см дей тилет. Анын учтары ооздуктун эки жагындагы чагаракка «чаян түйүштөлө» байланат.
Основные характеристики
Часть речиИмя существительное
Ед. числожүгөн
Множ. числожүгөндөр
Склонение по падежам - "жүгөн"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?жүгөн
Родительный Чей?жүгөндүн
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?жүгөнгө
Винительный Кого?, Что?жүгөндү
Местный Где?, У кого?жүгөндө
Исходный Где?, У кого?жүгөндөн
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?жүгөндөр
Родительный Чьи?жүгөндөрдүн
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?жүгөндөргө
Винительный Кого?, Что?жүгөндөрдү
Местный Где?, У кого?жүгөндөрдө
Исходный Откуда?, От кого?жүгөндөрдөн

Получить все переводы слова - "ЖҮГӨН" по направлению Кыргызский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "ЖҮГӨН" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "ЖҮГӨН"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru