ЖОШО |
Жошо — жошолуу булактарда да болот. Бул минералдык топурактын сырткы каткан бетин казып таштайт да, ички тазасын өзүнчө алат. Аны упуратып, сууга салып, ага эки чыны ун, жарма кошуп, күнү-түнү коюп ачытат. Үй жыгачын кийиз менен муну сүрүп жошолойт. Демек, жыгач буюмдарынын түпкү боегу — жошо. Элде «жошолоп койгондой» деген сөз бар. Өзүнчө түс берип, жыгач буюмдарынын бара-бара бир жагымдуу өңүн арттыра турган бул минералдык заттын өзүн жармага кошуп ачытып, анан жыгач бетине сүртөт. Андан кийин койдун боорун (көк боору, каны да жарайт) жаап буюмдун өңүн ачат. Ал кийин эчтекеге жукпайт да, буюм түбөлүктүү түскө ээ болот. Муну менен босого-таякка, каалга өңдүү буюмдарга да көркөм оюм түшүрүү жана аны урунуу салттуу көрүнөт. Же мурун үй жыгачтарын түрпүгө копшоп коюп, өзүнчө катмар болуп турган бул топуракты бычак менен чукуп, тоголоктоп баштыкка салып келип, куруттай кургатып алышат. Четинен эзип, койдун боорун кошуп, аябай ийлеп, ошону менен боз үйдүн жыгачтарын сырдайт. Жошонун өзү маламык келет, боор кошуп сырдаганда кара кочкул болот. |
Получить все переводы слова - "ЖОШО" по направлению Кыргызский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "ЖОШО" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "ЖОШО"?
Ввойти