ЖОН ӨРҮМ |
Чеберлердин өрүмдөрүндө ич ара өзгөчөлүктөрү байкалат. Жон өрүм он-он эки талдан да турат. Буюмду ого бетер сыйдалатуу үчүн жука кайыштан он эки талды тилип, жүгөн өрсө, анын жому (жону) экиден, он талдан жону бир-бирден кетет. Аны Ат-Башы, Нарын тарапта «Балык жон өрүмү» деп да айтышат. «Балык жон» өрүмүнө он эки тал кайышты алат. Ал алтыдан экиге бөлүнөт. Ошондо ортодон баштап өргөндө аягы өйдө төртүнчү , тал кайра башынан ылдый үчүнчү болуп түшүп, ал жон үстүнө чыгат. Ошол эле тараптан четки талды алып, экөөнүн үстүнө чыгарат да, үчөөнүн астына кайра түшүрөт. Анда бир жагы жети, бир тарабы беш тал болот. Ал жети талдын үчүнчүсүн оңдон солго оодарат. Ошол эле он жактагы эң четки талды алып, эки талды басып, үч талдын астынан өткөрөт. Мына ушул ыкманы өрүмчүлөр таасын аткарганда гана өрүмдүн асты жалпак, үстү жон болуп калат. |
Получить все переводы слова - "ЖОН ӨРҮМ" по направлению Кыргызский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "ЖОН ӨРҮМ" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "ЖОН ӨРҮМ"?
Ввойти