ЖЕЛ БОО |
Эшик боо түндүк боого окшош согулат. Көркөм көчөттөрү аркылуу кооздук берген. Эшик боо түндүктөн арта салынып, баш босогого байланат. Мунун да «жел боодой» (түндүк боо) оң-тетири тарабы көрүнүп турат. Натыйжада, эки жүздүү терме кылып согулат. Же мунун жөнөкөй эле сызмадан, кара таардан, эшме жиптерден бүткөрүлгөн үлгүлөрү да болот. Буюмдун эки четине экиден бир-төрт жип кетет да, «ургаачы» (астыңкы жип) 26 тал болот. Анын көк жиби алты жип экиден саналат. «Эркеги» (үстүңкү) да жыйырма алты тал жип келет. Көк жип экиден алты жип да экиден жупталат. Мында такай көк жип терилет. Демек, «аркакты» салбай туруп, кол менен астына кете турган бирөөн үстүнө чыгарат. Анан үстүңкү бир жипти астына түшүрүп, аркак салып согот. Муну курганда эриштин эки башына каалаган көчөттү түшүрүп, «күйөө чыбыкка» терилүүчү көк жип экиден чалынат. Эркек жип күзүктө түшөт. |
Получить все переводы слова - "ЖЕЛ БОО" по направлению Кыргызский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "ЖЕЛ БОО" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "ЖЕЛ БОО"?
Ввойти